Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Вашингтон Киркук жаңжалында бейтарап болот


Ирак армиясынын Киркук шаарына келген согуштук техникалары. 16-октябрь, 2017-жыл.
Ирак армиясынын Киркук шаарына келген согуштук техникалары. 16-октябрь, 2017-жыл.

Ирак өкмөтү Киркук шаарынын негизги объекттерин өз көзөмөлүнө алганы тууралуу кабарларга тынчсыздануусун билдирген расмий Вашингтон "бир да тарапты жактабастыгын" белгиледи. Дүйшөмбүдө Ирак аскерлери мунайга бай чөлкөмдөгү бир катар маанилүү объекттерди, жергиликтүү бийликтин кеңсесин ээлешкен.

Ирак армиясы Киркук шаарына танктардын коштоосунда кирип барышканын 16-октябрдын кечинде билдиришкен. Жергиликтүү тургундардын айтканына таянсак, өкмөттүк аскерлер аймак бийлигинин кеңселерин ээлеп, Ирактын тууларын илип чыгышкан.

Мунун алдында Киркуктун түштүк тарабында кагылышуулар болгону, буга чейин күрттөр көзөмөлдөгөн шаардан миңдеген тургундар качып жатканы кабарланган. Кошмо Штаттар аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды чагымга алдырбоого чакырды.

- Биз көп жылдардан бери күрттөр менен жакшы мамиледебиз, муну менен бирге Иракты да колдойбуз, бирок бул урушта бир да тарапка жан тартпайбыз - деди АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

Трамптын билдирүүсүнө чейин Ирак армиясы өкмөттүк күчтөр Киркук шаарынын түштүгүндөгү көпүрөлөргө, жолдорго, инфраструктурага, анын ичинде газ жабдууларына, электр станцияларга, полиция бекеттерине көзөмөл орноткону айтылган. Күрт күчтөрүнүн өкүлү, генерал Бахзад Ахмед федералдык аскерлер Киркуктун түштүгүндөгү индустриалдык аймакты ээлегенин ырастап, уруштар “көп зыян” алып келгенин белгиледи.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизерт Нойерт бардык тараптарды чагымга алдырбоого чакырды. Нойерттин айтымында, бул кырдаалдан улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга кызыкдар Ирактын душмандары колдонуп кетишине жол бербөө керек.

Пентагондун өкүлү Роберт Маннинг “оюнчулардын” баарын Ирактын туруктуулугуна шек келтирүүчү жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштөн алагды кылган “дестабилдештирүүчү аракеттерден” оолак болууга чакырган.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Күрт автономиясы менен Ирак өкмөтүн өлкөдөгү узак убакытка созулган туруктуулукту, биримдүүлүктү сактап калуу үчүн диалогго барууга чакырды.

Расмий Багдад мындай кадамга автоном аймактагы референдумдан үч аптадан кийин барууда. Күрт автономиясынын бийликтери көз карандысыздыкты эл колдоду деген референдумду Багдад мыйзамсыз деп атаган. Добуш берүү автономияга кирбеген, бирок калктын басымдуу бөлүгүн күрттөр түзгөн Киркукта да уюштурулган. Багдад менен бирге Түркия менен Иран да Ирактын аймактык бүтүндүгүн колдоп, күрттөрдүн өз алдынча болушуна кескин каршылыгын билдиришкен. Бир күн мурда түрк өкмөтү Күрт автономиясынын учактары үчүн аба мейкиндигин жапканын билдирди.

- Улуттук коопсуздук кеңешинин сунушу менен өкмөт Ирак түндүгүнө учуп-конгон учактарга аба мейкиндигин жабууга макул болду. Мындан ары Ирактын түндүгүндөгү автономдуу аймакка биздин бир да учак барбайт жана алар да биздин аба мейкиндикти колдоно алышпайт,- деди түрк өкмөтүнүн маалымат катчысы Бекир Боздаг.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади Киркукту кайтаруу операциясы өлкө биримдигин сактап калуу үчүн жүргүзүлгөнүн билдирди. Акыркы ирет 15-октябрдагы сүйлөшүүлөрдө күрт лидерлери Багдаддагы өкмөттүн референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын четке каккан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG