Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:00

Киркукта Ирак аскерлери менен күрттөр кагылышты


Ирактын өкмөттүк армиясы күрттөрдүн Киркук чөлкөмүнө кирип барганын жана бир нече позицияларды ээлеп алышканын билдирди. Күрт күчтөрү маалымдагандай ортодо тутанган кармаштарда көптөгөн киши мүрт кетти. Вашингтон тараптарды бейстабилдүүлүккө алып келчү аракеттерден карманууга үндөдү.

Ирактын куралдуу күчтөрү 16-октябрда жасаган билдирүүдө өкмөттүк армия Киркук шаарынын түштүгүндө көпүрө, жолдорду, электрстанция, газ ишканалары өңдүү инфраструктура объекттерин жана полиция бөлүмүн өз көзөмөлүнө алганы айтылат.

Ирактын мамлекеттик телеканалы аскерлер туруштукка кабылбаганын маалымдаганы менен күрт кошуундарынын (пешмерга) өкүлдөрү ортодо тутанган кармашта “бир топ киши окко учканын” айтышууда.

Күрт күчтөрүнүн маалымат катчысы генерал Бахзад Ахмед федералдык армия Киркуктун өнөр жай райондорун ээлеп алганын бышыктады.

Калаанын күрт тургундары болсо курал-жарак көтөрүп алып көчөлөргө чыгышты.

"Мекенибизди коргойбуз. Багдад менен эч кандай макулдашууга барбайбыз. Киркуктун жашоочулары шаарды коргоо үчүн куралдарын алып чыгышты. Хашид Шааби (Ирак армиясындагы элдик кошуундар) жана ирандыктардын чабуулдарына жооп кайтарууга даярбыз. Аларды "Ислам мамлекетин" кууп чыккандай эле сүрүп чыгарабыз", - дейт Ари Омар аттуу киши.

Ага чейин Багдад өкмөтү күрттөрдүн пешмерга кошуундары 2014-жылы өз көзөмөлүнө алган базалар менен федералдык ишканалардын коопсуздугун камсыздоо операциясын баштарын эскерткен. Ал жылы "Ислам мамлекети" радикал уюму өлкө түндүгүндө улам бир аймакты басып алганда күрттөр катуу каршылык көргөзүп, жоочуларды сүрүп чыгарышкан болчу.

Кошмо Штаттар жекшембинин кечинде бардык тараптарды туруксуздукту жаратчу аракеттерден карманууга чакырды. Андай аракеттер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшкө жана Ирактын стабилдүүлүгүнө көлөккө түшүрүүдө деген Пентагондун маалымат катчысы Лора Сил Вашингтон чыңалууну азайтуунун эң жакшы жолу диалогго баруу деп эсептээрин белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тирешүү жөнүндөгү кабарларга тынчсызданарын билдирди.

Күрт автономиясына кирбеген Киркук ушу тапта күрттөрдүн көзөмөлүндө турат.

Багдад мунайга бай талаштуу аймактарды биргелешип башкарууну сунуш кылып, Күртстандын эгемендиги боюнча референдумдун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деген талап коюуда.

Өткөн жекшембиде Ирактын президенти Фуад Масум Күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани менен жолугушууда региондогу кырдаалды талкуулады. Барзани Багдад менен сүйлөшүүлөрдү колдоорун, бирок Ирак армиясы басып кирсе, өз жерлерин коргоого күрттөр даяр деп белгиледи.

Сентябрдын аягында Багдаддын каршылыгына карабай, күрттөр автономиянын көз карандысыздыгы боюнча добуш берүү өткөрүшкөн.

Ирактан бөлүнүүнү референдумга катышкандардын 90 проценти колдогон. Бирок Багдад аны тааныган эмес. Өнөктүк Киркук провинциясында да болгон.

Референдум Ирак өкмөтүнүн жана коңшу өлкөлөрдүн катуу сынына кабылган. АКШ, Британия жана эл аралык антитеррордук коалиция референдумду эки жылдан киийн өткөрүүнү туура көрүшөрүн айтып келишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG