Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:04

Пентагон Ирандын соккусунун кесепети такталып жатканын кабарлады


Иран АКШнын Ирактагы аскердик объектилерине ракеталар менен чабуул койду.
Иран АКШнын Ирактагы аскердик объектилерине ракеталар менен чабуул койду.

АКШнын Коргоо министрлиги Иран Ирактагы Эрбил жана Асад шаарларындагы аскердик базаларды ондон ашык баллистикалык ракеталар менен аткылаганын кабарлады.

Бул базаларда АКШнын жана «Ислам мамлекети» террорчул тобуна каршы операция жүргүзгөн коалициянын аскерлери жайгашкан.

«Биз учурда аскердик чыгым боюнча алгачкы талдоо жүргүзүп жатабыз. Кырдаалды баалаганга жараша америкалык персоналды, өнөктөштөрдү коргош үчүн керектүү чара көрөбүз», деп айтылат АКШнын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Ал эми Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына чыгым эсептелип жатканын билдирип, «азырынча баары жакшы» деп жазды.

«Биздин армия дүйнөдөгү эң кубаттуу жана эң жакшы жабдылган» деп айтылат президенттин «Твиттердеги» эки саат мурунку постунда.

Ошондой эле Трамп кырдаал боюнча АКШ убактысы боюнча эртең менен билдирүү жасай турганын белгилеген.

Бир нече саат мурун Ирандын Ислам революциянын сакчылар корпусунун өкүлү аскердик базага коюлган чабуулду генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу деп баалаган.

Иран тарап бул операция «Шейит кеткен Сулеймани» деп аталарын жана анын максаты мындан ары адам өлүмүн көбөйтпөш үчүн аймактан АКШ аскерлерин чыгаруу экенин билдирүүдө.

Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулаймани 3-январда Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болгон соң Тегеран менен Вашингтондун тиреши ого бетер курчуп кеткен.

Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.

XS
SM
MD
LG