Андан улам президент Барак Обама өз тарапкерлерин Ядролук келишимге каршы өнөктүк жүргүзүүнүн мыяткерлери менен кайбар иштешүүгө үндөдү. Кайрылууну Барак Обама 30-июлда келишимдин жактоочулары менен болгон жолугушууда жасады.
Президент Обама Иран менен ядролук келишимдин “каршылары ушу кезде Конгресстин кеңселерин каптап кетти”, – деди Вашингтондогу Америка прогресси борбору менен иштешкен топторго кайрылып. Андыктан тынчтыкты жактоочулар Ирак согушу алдындагы тейде атаандаштарына үнү жетишинче кыйкырганга мүмкүндүк берип, кайра жаңылыштык кетирбөө үчүн жигердүү аракеттенүүсү зарыл. Америка-Израил коомдук байланыш комитети сыяктуу кубатуу мыяткер топтор конгрессмендерди келишимге каршы добуш бердирүү үчүн телевидениеге 20 миллион “төккөн”. "Натыйжада Конгрессте үстөмдүк кылган республикачылардын көпчүлүгүнө катар демократтар да сентябрда Ядролук келишимге каршы добуш бергенге ык тартышып жатат", деди Обама.
Ал келишимге каршы чыккандардын көбү 2003-жылы Американы Ирак согушуна түрткөн адамдар экенин белгилеп, эгер АКШ келишимден баш тартса, Вашингтон алты ай ортосунда Тегеран менен аскерий чатакташууга түртүлүшү мүмкүн, деген опурталдуу ойдун четин чыгарды.
Иран жана алты держава: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия арасында 14-июлда жетишилген келишимге ылайык, Тегеран ядролук программасын өнүктүрүүнү 15 жылга токтотот. Анын ордуна Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялар алынат.
Президент Обаманын пикиринче, келишим Иран коңшуларына жараткан коркунучту биротоло жоготпосун, бирок Тегеран атомдук куралдуу боло албайт деген ишеним мурдакыдан күчтүү болот. "Бул (келишим) Иран коңшуларына жана дүйнөгө жараткан коркунучтун баарын токтотобу? Жок. Бул (келишим) Иран ядролук куралга ээ болбойт деп ишенгенге мурда жасалган иштерден көппү? Ооба”, - деген Обама 17-июлда жасаган билдирүүсүндө.
Бирок, израилчил мыяткерлер Иранга ишенүү мүмкүн эмес дешип, алты бакубат держава, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө беш мамлекет ишенип кол коюшкан келишимге каршы. Сурамжылоолор да америкалыктардын көбү Иранга ишенбегенин көрсөткөн. Алардын мындай көз карашын Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы, республикачыл Жон МакКейн 29-июлда комитеттеги талкууда айткан сөзү таамай чагылдырат:
- Иран менен келишим анын ядролук кубатынын артышына жол ачмак түгүл, Иранды болочокто Жакынкы Чыгышта аскерий жактан үстөмдүк кылдырат. Бул АКШ куралдуу күчтөрү үчүн түз коркунуч жаратат. Иран ядролук келишимге ээ болбойт деп, береги 109 барактык документ кепил өтпөйт...
АКШ Конгресси Иран менен кол коюлган ядролук келишимди учурда электеп талкуулап жаткан чак жана 17-сентябрда колго салат. Эгер Конгресс келишимди жактырбай койсо, андай мыйзамга вето колдонорун Обама башынан эле эскерткен.
30-июлда биринчи жолу төрт демократ, алардын ичинде Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Крис Ван Холлен жана партиянын Өкүлдөр палатасындагы лидери Дэн Килди колдоду. Бул бирок Обама үчүн жетишсиз. Ал мыйзамды өткөрбөй коюш үчүн келишимди өкүлдөр Палатасы жана Сенаттын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн бири колдошу зарыл.
Барак Обама 30-июлдагы сөзүндө Иран өкмөтү келишимди аткарбай эл аралык коомчулукту алдашы мүмкүн экенин жокко чыгарбады. Андай болгон учурда, келишим Вашингтонго Ирандын экономикасын кайра депрессияга түртчү механизмди колдонууга мүмкүндүк берет, деди ал.