Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Иранда мэр президенттик жарыштан чыкты


Мохаммад Бакер Калибаф
Мохаммад Бакер Калибаф

15-майда Тегерандын мэри президенттик жарышка катышпоо чечимин жарыялады. Шаар башчы тарапкерлерин эскичил диниятчы Эбрахим Раисини колдоого чакырды. Ага чейин мурдагы президент Хатами 19-майда азыркы президент Хасан Роуханиге добуш берүүгө үндөгөн.

Иран баш калаасынын мэри Мохаммад Бакер Калибаф консерватор Эбрахим Раисини колдоо үчүн президенттик жарышка катышуудан баш тартканын жарыялады.

15-майда маалымат каражаттарында жарык көргөн билдирүүдө мэр бул чечим “элдин, революциянын жана өлкөнүн кызыкчылыктарын сактоо үчүн өтө маанилүү" деп белгиледи. Калибаф шайлоочуларды 19-майда президент Хасан Роуханиге атаандаш чыккан Эбрахим Раисини колдоого чакырды.

“Өлкөнүн булуң-бурчундагы бардык жактоочуларым, Раисинин бул шайлоону жеңүүсүнө жардам берүү үчүн бар аракетиңерди жумшагыла”, – деди Калибаф.

Эбрахим Раисинин жактоочулары сүрөтүн көтөрүп үгүт жүргүзүүдө. Тегеран
Эбрахим Раисинин жактоочулары сүрөтүн көтөрүп үгүт жүргүзүүдө. Тегеран

Бирок айрым аналитиктер бул кадам Роуханиге, тескерисинче, пайда алып келиши ыктымал дешет.

“Калибафтын бардык эле колдоочулары Раиси тарапка ооп кетпейт. Себеби ал модернисттердин лагерине кирет, диниятчы болсо идеологиялык фракциялардын өкүлү", - деди Эл аралык Кризис тобунун Иран боюнча аналитиги Али Ваез.

56 жаштагы Калибаф буга чейин 2005 жана 2013-жылкы шайлоого талапкерлигин койгон.

Мурдагы баш прокурор, Ирандын жогорку лидеринин ишин көзөмөлдөгөн жана жаңы көсөмдү тандоо иши үчүн жооп берген Эксперттер ассамблеясынын мүчөсү Раиси мэрдин чечимин “революциялык кадам” катары кубаттады. Түштүктөгү Шираз шаарында үгүт жүргүзүп жүргөн диниятчынын тарапкерлери Калибафка ыраазычылык билдиришти.

Али Ваездин пикиринде, “Калибаф мындай чечимди 3-жолу утулуп каларына көзү жеткенде кабыл алган болушу мүмкүн. Сурамжылоолор ошондой эле жыйынтыкты көргөзүп келатат. Ал эми Раисиге добуш берүүгө үндөө менен саясий упай топтой алат”.

Хасан Роухани
Хасан Роухани

Аналитик Раисиге аткаруу бийлигинде иштөө тажрыйбасы жана жеке харизмасы жетишпейт деп эсептейт. Калибаф салыштырмалуу байистүү позициядагы Роуханини бай ирандыктардын кызыкчылыктарын гана жактайт деп сындап келет.

Раиси да, Тегерандын мэри да президент 2015-жылкы атомдук келишимди элдин турмушун жакшыртуу үчүн пайдалана алган жок дешет. Тегеран ядролук программасын чектейт, бул үчүн Ислам жумуриятына каршы экономикалык санкциялар жеңилдетилет деп айтылган макулдашуу акырындык менен ишке ашып келатат.

Роухани болсо эскичил эки талапкердин миллиондогон иш ордун түзүү, колунда жокторго социалдык жардамды көбөйтүү өңдүү убадаларын курулай сөз деп сындады.

"Урматтуу Иран эли, эркиндик үчүн добуш бергиле. Мен атомдук программа боюнча санкциялар сыңары эле калган санкцияларды да алууга даярмын. Алар Ирандын кызыкчылыктарын эске алуу менен, Иранды урматтоо менен алынмакчы", - деди Роухани 12-майдагы теле дебатта.

Калибафтын жарыштан чыгышы менен Роухани жана Раисиден тышкары дагы үч талапкер: вице-президент Эшак Жахангири, борборчул Мостафа Хашемитаба жана консерватор, мурдагы маданият министри Мостафа Миралим калды.

14-майда мурдагы президент Мохаммад Хатами Роуханиге колдоосун билдирип, шайлоочуларды да ага добуш берүүгө үндөдү. “Роуханинин өкмөтү бардык чектөөлөр, проблемаларга, мындан да чоң үмүт артканыбызга карабай ийгиликтүү болду” – деп айтылат экс-президенттин видео кайрылуусунда.

Роухани оппозициялык диниятчы, 2011-жылдан бери үй камагында отурган Мехди Карубинин да колдоосуна ээ болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG