Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:05

Янц: Европа эшигин абалга жараша ачат


Германиянын Франкфурт аба майданы. 12-март, 2020-жыл.
Германиянын Франкфурт аба майданы. 12-март, 2020-жыл.

Батыштагы айрым маалымат каражаттары Евробиримдик менен каттамдар жандана турган мамлекеттердин тизмесин жарыялады. Ал тизмеге Борбор Азия аймагынан жалгыз эле Кыргызстан кирбей калган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Еврокомиссиянын миграция жана ички иштер боюнча басма сөз өкүлү Адалберт Янц "Азаттык" радиосуна маек берип, Европа Биримдиги сырткы чек арасын кайсы өлкөлөргө ачары жакында так белгилүү болорун айтты.

"Азаттык": Европа Биримдиги 1-июлдан тартып шаркетке кирбеген кайсы өлкөлөр менен каттамдарды жандантарын караштырып жаткан экен. Алгач бул чечимди кабыл алуу жараянын кандай жүрүп жатканын түшүндүрүп бересизби?

Адалберт Янц: Албетте, Европа Биримдиги ушул айдын аягына чейин шаркетке кирбеген мамлекеттер менен зарыл эмес каттамдарга чектөө киргизген. Бул Еврошаркеттин аймагына кирүүгө толугу менен тыюу салынган дегенди билдирбейт. Учурда сиз уюмдун аймагына абдан зарыл себептер менен гана кире аласыз.

Еврокомиссиянын миграция жана ички иштер боюнча басма сөз өкүлү Адалберт Янц.
Еврокомиссиянын миграция жана ички иштер боюнча басма сөз өкүлү Адалберт Янц.

Эми биз бул чектөөнү четинен алалы деп жатабыз. Ал үчүн уюмга мүчө мамлекеттер чектөө алына турган жана зарыл эмес каттамдарга уруксат бериле турган өлкөлөрдүн тизмесине макулдугун бериши керек. 11-июнда Европа комиссиясы чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү критерийлер менен ыкмаларды сунуш кылган. Бул критерийлер саламаттыкты сактоо тармагындагы абалга негизделет. Ошондой эле ал критерийлер кырдаалга жараша жаңыланып турат.

Учурда уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү бул критерийлер менен ыкмаларды талкуулап, чек ара ачыла турган өлкөлөрдүн тизмесине болушунча тез арада макулдук берүүнү көздөп турат. Анын жыйынтыгы жакын арада билинет. Ошондон кийин гана тизме тууралуу сөз кыла алабыз.

"Азаттык": Критерийлерди толугураак түшүндүрүп бересизби? Европа Биримдиги кайсы бир өлкөнүн жарандарына шаркеттин аймагына кирүүгө уруксат берерден мурда кайсы жагдайларды эске алат?

Адалберт Янц: Биринчиден, бул чечим кайсы бир өлкөнүн жарандарына байланыштуу кабыл алынбайт. Мисалы, сиз Чехиянын жараны болгон үчүн коронавирусту Казакстандын жаранына караганда оңой жуктурасыз деген маселе турган жок. Биздин чектөө адам кайда жашаганына негизделген.

Биз үч көрсөткүчтү же критерийди эске алдык. Биринчиси, албетте, өлкөдөгү коронавируска байланыштуу кырдаалга баа берилет. Мисалы, вируска чалдыккандардын саны, илдеттин жайылуу коркунучу, өкмөт аны ооздуктоодо кандай аракет көрүп жатканы эске алынат.

Евробиримдиктин лидерлеринин видео конференциясы. 19-июнь, 2020-жыл.
Евробиримдиктин лидерлеринин видео конференциясы. 19-июнь, 2020-жыл.

Экинчиден, саякатка чыккан адамдардын вирусту жайылтуу коркунучун алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлгөнүнө көңүл бурулат. Маселен, аэропорттордо аларды текшерүүгө, тесттен өткөрүүгө канчалык шарт түзүлгөнү каралат.

Үчүнчү көрсөткүч, биз саякатка уруксат берүү же чектөө маселесин карап жаткан экинчи жак же мамлекет ушул маселеге кандай карайт? Эки жак бирдей чечим кабыл алабы, макулдашуу табабы, ушул маселе да эске алынат. Учурда бул критерийлердин баарын уюмга мүчө мамлекеттер талкуулап, тактап жатат.

"Азаттык": Коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал дүйнөнүн ар кайсы бурчунда, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүндө да ар башка экени белгилүү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын жакын арада Евробиримдикке ээн-эркин кирип калуу мүмкүнчүлүгү канчалык?

Адалберт Янц: Мен кайсы бир мамлекет тууралуу комментарий бере албайм. Мен эпидемиолог эмесмин, кырдаал бардык жерде улам өзгөрүп жатпайбы. Бирок биз колубузга тийген расмий маалыматтарды карап чыгабыз. Европанын Илдетти алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттиги бар. Ошол агенттик бардык маалыматты топтоп, уюмга мүчө мамлекеттерге жөнөтүп турат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтары эске алынат.

Римдин аэропорту. Италия.
Римдин аэропорту. Италия.

Дүйнө жүзүндөгү кырдаалга көз салганда, албетте, ар башка мамлекеттерде маалыматты топтоо, таратуу жагынан айырмачылыктар бар экенин да эске алышыбыз керек. Бул техникалык жактан бир топ татаал маселе. Бирок биз колдо бар маалыматты колдонобуз.

"Азаттык": Европадагы айрым маалымат каражаттар шаркеттин сырткы чек арасы 1-июлдан тартып ачыла турган мамлекеттердин тизмесинин долбоорун жарыялашты. Сиз ачыкка чыгып кеткен бул маалымат боюнча комментарий бербей турганыңызды айтыңыз. Бирок бул тизмеге Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен Кыргызстан гана кирбей калганы талкууга алынууда. Европага барам деген кыргызстандык жарандар үчүн кабатырланууга негиз барбы?

Адалберт Янц: Мен бардыгынан сурана кетет элем. Расмий ишеничтүү маалымат чыкканча жыйынтык чыгарбай турган оң. Тынчсызданууга булак болгон маалыматтар азырынча акыркы чечим боло албайт. Уланып жаткан талкуунун жыйынтыгы делген мындай кабарлар эч кимге пайдасын тийгизбейт.

Биз биринчи кезекте коронавируска байланыштуу кырдаалга көңүл бура турганыбызды баса белгилегим келет. Чечим кабыл алынган күндө да, ал ошол бойдон өзгөрүүсүз тура бербейт.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер ортосунда COVID-19га байланыштуу маселелер боюнча талкуу ар дайым болуп келатат, мындан ары да улана берет.

Коронавируска байланыштуу кырдаал өзгөрүп жакшырып кетсе эле, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин жарандары Евробиримдиктин аймагына ээн-эркин саякаттай алышат деп ишенебиз. Азырынча эч кандай шашылыш жыйынтык жасабай, бардык тараптан макулдашкан расмий чечимди күтө турууга үндөп кетем.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG