Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

15-марттын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт


15-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндуз 11…16

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндуз 5…10

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG