Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:51
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

15:00 7.7.2021

Талант Мамытов: Кайсы улуттагы жаран болбосун анын коопсуздугу корголот. Качан жана кайсы учурда алып чыгып кеткени суроо болуп атат. Аны тактап, укуктук баа берилиши керек. Канчалык деңгээлде мамлекет жарандардын укугун камсыз кыла алат деген суроо туулбашы керек эле.

15:00 7.7.2021

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев парламентте Түркияга жашыруун чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу маалымат берип жатып, бардык учактар текшерилип жатканын билдирди.

“Бизде жүк катары же башкача алып кеттиби маалымат жок. Бирок, 1-июндан баштап учуп келген учактарды жана жарандарды дыкат текшерүү жөнүндө тапшырма коюлган. Орхан Инандыга байланыштуу адамдардан түшкөн маалыматты текшерип жаттык”, - деди Шаршеев.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угуп жатат.

15:01 7.7.2021

15:03 7.7.2021

Аманкул Токтомамбетов: Бир айдан бери жарандыгын текшере албасаңар эмне отурасыңар?

Улан Ниязабеков: Биз Түркиянын жарандыгы тууралуу маалыматты кечээтен бери текшерип атабыз. 2012-жылдан баштап биздин жарандык алган. Ага чейинкисин текшерип атабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG