Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

15:14 7.7.2021

Анвар Артыков: Кыргызстандын аброюна доо кетти. Өз суверендүүлүгүн коргой албайт деген сөзгө калды.

15:16 7.7.2021

Абдывахап Нурбаев: HRW үч вариантты айтып чыкты.

1) Бирөө уурдап кетти;

2) Эрдогандан коркуп өткөрүп берди;

3) Өзү аралашкан.

15:18 7.7.2021

Дастан Бекешев: Мүмкүн келечекте Түркияда оппозиция келет. Бизде дагы бийлик алмашат. 2013-жылы дагы Азиз Батукаеевдин иши каралганда ушундай жооптор болгон. Мына эми ачыкка чыкты. Келечекте бул иш эле эмес, эки-үч иш боюнча болот. Биздин УКМКнын жардамы менен эле чыгып кеткен. Бул келечекте билинет.

15:21 7.7.2021

Жанар Акаев: Sabah деген Түркиянын олуттуу маалымат агенттиги. Ал Кыргызстандын атайын кызматы кармап берди деп жазды. Унчуккан жоксуңар. Биздин өлкөнү басмырлап атасыңар. Мынчалык мажирөө, коркок болбогула. Эгерде террордук ишке аралашса сөзсүз жоопко тартылышы керек. Бирок Кыргызстанда. Мындан кийин башка качкындарды башка мамлекеттер да өткөрүп алат. Мамлекеттин кадырына доо кетирдиңер.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG