Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45
Орхан Инандынын жактоочулары.
Орхан Инандынын жактоочулары.

Орхан Инандынын иши: акыркы маалыматтар

Бир айдан ашуун жоголуп Түркиядан табылган Орхан Инандынын Түркиядан табылышына байланыштуу 8-июлда жоон топ адам тынчтык жүрүшүнө чыкты.

Бул күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын жоголушу тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын уккан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

14:43 7.7.2021

14:49 7.7.2021

Каныбек Иманалиев: 1961-жылы кабыл алынган Вена конвенциясынын негизинде эл аралык эрежелер бузулду.

14:54 7.7.2021

Айсулуу Мамашева: Орхан Инанды аябай кыйноо көргөнү байкалды. Биз тараптан медициналык жардам берилеби? Кандай жардам бере алабыз эл аралык мыйзамдардын негизинде.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев: Кыргыз жараны болгондон кийин Инандыны кайтарып келүүгө аракет кылабыз. Ага адамгерчиликтүү мамиле жасоону талап кылдык. Кечээ элчи аны менен жолуктурууну суранды. Биздин эл аралык макулдашууга ылайык, кыргыз жаранына жолугууга аракет кылабыз.

Айсулуу Мамашева: Өз өлкөбүздөн салып бергенден кийин менде сөз жок. Уурдатып жибердиңер. Өз өлкөбүздө коргой албасак кантип коргой алабыз? Колубуздан келеби? Эл аралык келишимдерди тебелеп биздин жаранды чыгарып кетти го.

14:57 7.7.2021

Талант Мамытов: Мурда ушундай маалыматтар болгонбу? Инандыны уурдоого байланыштуу маалыматтар түшкөнбү?

УКМКнын жетекчисинин биринчи орун басары Рустам Мамасадыков: Буга чейин ал кишиге маалыматтар берилген, эскертилген.

Талант Мамытов: Дайыма эле жансакчы менен жүргөнбү?

Рустам Мамасадыков: Дайыма эле жүргөн экен. Демек билген экен да.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG