Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өкмөттүн курамында чукул өзгөрүүлөр болуп, бир катар министрлер алмашты.
Алты ай иштеген Иманалиев
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн деген негизде кызматынан бошотулду.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин министрдин орун басары болуп иштеп келаткан.
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей жатканы сынга кабылды. Ата-энелер билим берүү мекемелеринде жок китептерди базарлардан сатып алып жатканын айтышууда. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын кабарлаган.
54 жаштагы Каныбек Иманалиев быйыл март айында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган эле.
Министрлик кызматка дайындоо алдында президент Садыр Жапаров Каныбек Иманалиевди кабыл алып, жаңы жетекчиге талап катуу болорун эскерткени бар.
“Билим берүү тармагы - мамлекеттин келечегин аныктаган стратегиялык маанилүү жана өтө жооптуу тармак экенин жакшы билесиз. Суранычыңыз менен макул болуп, ишеним артып, ушул кызматка коюп жатабыз. Ошондуктан сиз ишенимди акташыңыз керек. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш дал келерин далилдешиңиз керек”, - деген президент Жапаров.
Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн беш багыттуу планы бар экенин айткан эле. Анда менчик бала бакчаларды куруу, орто билим берүүдө ваучердик системаны киргизүү, кесиптик окуу жайларга каржылык, чарбалык эркиндик берип, өндүрүш менен иштешүү тууралуу планын билдирген.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдувахаб Нурбаев "аны министрликтин аппараты иштете койбой, тирешип туруп алды" деген пикирде.
"Каныбек Иманалиев өзү кызматка келгенде сунуштаган пландарын четинен ишке ашырып, тармакты жакшыртууга болгон күчүн салып иштеп жатты эле. Буга жеке менчик бала бакчаларды ачууга жеңилдиктер берилип, үй тибиндеги бала бакчалар көбөйүп, иштеп жатканы жана башка мисалдар бар. Анткени буга чейин билим берүү министрлигине тармакка чындап күйүп, өнүктүрүүнү көздөгөн адамдар эмес, утурумдук кызматкерлер келип-кетип атышкан. Иманалиевди, биринчиден, өзү жетектеген министрликтин аппараты иштете койбой, тирешип туруп алды. Буга "IQ" мектебине аттестат берүүдөгү талаш-тартыш бир мисал. Экинчиден, "министрлер келип-кете берет, саясатты биз жүргүзөбүз" деген адамдар отурган аппарат менен чоң иш жасоого мүмкүн эмес. Каныбек Капашевичке бул аппаратты жой, жаңыдан түз" деп айттык эле, бирок ага үлгүрбөдү", -дейт Нурбаев.
Иманалиев өзү кызматтан кеткенине байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Санарип министри инвестицияны башкарат
Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчилигине дайындалды.
Имановдун ордуна президенттин дагы бир жарлыгы менен Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Иманов Санарип өнүктүрүү министри кызматына быйыл январда дайындалган. Коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын бул министрликке жетекчи болуп келгени талаш-талкуу жараткан.
Министирлик кызматына чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып келген Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан.
Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразия сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерээк комментарий берип, дооматтарды четке каккан.
Маалыматтарга ылайык, 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жан сакчысы болуп жүргөн Талантбек Иманов Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткенде, анын Кыргызстандагы ишенимдүү адамына айланган.
Бейшеналиев кайрадан министр болобу?
Президент Жапаров кол койгон жарлык менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жетектейт. Бул мекемени Кудайберген Базарбаев башкарып келаткан.
Алымкадыр Бейшеналиев былтыр июнь айынын башында “коррупцияга” айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатылып алынганы үчүн айып койгон жана Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.
Бул чуулуу иштерден кийин ал кызматтан бошотулган эле.
Президентке жакын адам катары саналган Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Ал президенттин сунушу менен резиденцияда уу коргошун кайнатып, коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн колдонорун айтканы сынга кабылган.
Журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айткан. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңеш ага ишенбестик көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган. Анын коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандары жана башка бир катар чечимдери коомчулук тарабынан сынга кабылган эле.
Асылбаева Монополияга каршы жөнгө салуу кызматын жетектеди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы бир күн мурун – 6-сентябрда эле Айбек Мамыралиевди Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси кылып дайындаган. Ал буга чейинки кызматына кайра кайтып, орун басар болуп бекиди.
Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал коомчулукта “сөз эркиндигин чектеген, демократияга каршы келген мыйзам долбоорлорун” жазган деп сынга кабылган.
Быйыл июль айында кыргызстандык 30дай активист жана журналисттер “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын авторлоруна – экс-депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновага виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылышкан.
Алар сөз эркиндигин жана адам укуктарын чектеген долбоордун авторлоруна жана алардын жакындарына Батыш өлкөлөрүнө барууга, окууга, мүлк сатып алууга, ишкерлик кылууга тыюу салынышы керек деп чыгышкан.