Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

"Маалымат мыйзамынын авторлоруна виза бербегиле". Жарандык коомдун кайрылуусу


"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга каршы акциялардын бири. 2020-жылдын 29-июну.
"Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга каршы акциялардын бири. 2020-жылдын 29-июну.

Кыргызстандык 30дай активист жана журналисттер Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында кабыл алынган "фейк" мыйзамынын ("Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө") авторлоруна виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылышты.

Эл аралык коомчулукка кулак кагыш

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертердин наамына жазылган кайрылууда аталган мыйзамдын авторлору Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын ысымы аталган.

Кайрылгандар сөз эркиндигин жана адам укуктарын чектеген долбоордун демилгечилерине жана алардын жакындарына Батыш өлкөлөрүнө барууга, окууга, мүлк сатып алууга, ишкерлик кылууга тыюу салынышы керек деп эсептешет. Мыйзам “Азаттык”, Respublica сыяктуу эркин басылмалардын сайтын бөгөттөө үчүн гана колдонулуп, өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлаганын белгилешкен.

Кыргызстандагы белгилүү медиа, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү кол койгон билдирүүдө фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн кабыл алынган мыйзам “Азаттык”, Respublica сыяктуу эркин басылмалардын сайтын бөгөттөө үчүн гана колдонулуп, өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлаганы белгиленген.

Кайрылууга кол койгондордун бири, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков буларга токтолду:

"Бир ЖМКнын окурманы "виза борборунан Гүлшат Асылбаеваны көрдүм, балким визага келгендир” деген маалымат менен бөлүшүптүр. Ошондуктан элчиликке суроо-талап жөнөттүк. Элчиликтерге, эл аралык уюмдарга дагы бир жолу эскертип жатабыз. Убагында ушул депутаттар “фейк” мыйзамын демилгелеп, өткөрүшкөн. Алар демократиялык Европага, АКШга барам деп жатышат. Сыртка чыккысы келсе Түндүк Корея, Түркмөнстанга барышсын”, - деди Аманбеков.

Бийликке курал болгон мыйзам

Сөз болуп жаткан мыйзамды Гүлшат Асылбаева парламентте депутат болуп турганда жазып, бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган.

Швейцариянын элчилиги кайрылууга жооп бере элек.

Азырынча Асылбаеванын визага тапшырып-тапшырбаганы белгисиз. Аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Демилгечилердин бири, мурдагы депутат Айнура Осмонова "Азаттыкка" визага тапшырбаганын, мыйзам фейк маалыматтардан коргоо үчүн жазылганын айтты. Ал "Учурда бийлик аны кандай колдонуп жатканы жөнүндө кабарым жок" деген таризде жооп берди.

“Мен визага тапшырган жокмун. Өздөрү болжолдоп эле жазып жатканын түшүнгөн жокмун. Азыр кайсы сайт жабылганы жөнүндө маалыматым жок. Туура эмес маалымат таратып жатсаң, жооп беришиң керек. Сайт, адам, фейк болобу аны аныкташ керек. Азыр бийликтен сурагыла кандай болуп жатканын. Мен азыр расмий кызматта эмесмин. Сайттарды эмнеге жаап жатканын бийликке барып сурагыла”, - деди экс-депутат.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечими жок жаап салууга укук берет. Ал кабыл алынгандан бери бир дагы фейк аккаунт же баракча аныкталып, бөгөттөлгөн жок.

Анын негизинде “Азаттыктын” сайты былтыркы жылдын октябрдан бери бөгөттөлүп турат. Клооп, 24.kg, “Политклиника” басылмаларына чыккан материалдарга каршы арыз түшкөн учурлар да болду.

Айрым юристтер мындай демилгенин укуктук күчү жок болгону менен өлкөдөгү жарандык коомдун үнү катары кабыл алынарын белгилешет. Юрист Таттуубүбү Эргешбаева буларга токтолду.

“Бул маселе эмоция менен жарандык позицияны көрсөтүп жатат. Биздин жарандык коомдун ушундай өтүнүч менен кайрылып жатканы - жарандык позиция. Бирок, анын укуктук жагы жок”, - деди Эргешбаева.

Буга чейин бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөлөрдүн элчиликтерине адам укугу менен сөз эркиндигин чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлоруна жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө виза бербөөгө чакырышкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө "сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок" деп билдирип келет.

Сынга кабылган дагы бир "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору да кызуу талкууланып жатат. Аны парламенттин азыркы депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган.

Башында Нарматова өзү жалгыз автор катары көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты. Ошентип, парламенттин тармактык комитетинин күн тартибине кирген мыйзам долбоору белгисиз себептерден улам күзүндө каралмай болду.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. Ошондой эле президенттин администрациясы сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоору дагы Орусиядан көчүрүлгөнү аныкталып, медиа коомчулуктун сынына кабылган.

Долбоордун коомдук талкуудагы мөөнөтү аяктады, эми ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилиши керек.

Айрым журналисттер ал сессияга чыгарылса, мыйзамдуулугу чоң суроо жаратат деген пикирлери менен бөлүшүп жатышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG