Гүлнара айым Италияга алгач турист катары барып, бирок 13 жылдан бери иштеп жүрөт.
“Азаттык”: Италияга кайсы учурда, кантип барып калдыңыз?
Гүлнара Жолдошева: Мен Италияга келгениме көп жыл болуп калды. 13 жылдан бери иштеп жүрөм. Советтер Союзу таркагандан кийин эле Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө кете баштабадыбы. Алардын катарында мен да бар элем. Үй-бүлө багайын деп Италияга келип байырлап калдым. Азыр Рим шаарында жашап, иштеп жатам.
Бул жакка көптөр турист катары келип, анан иштеп калышат да. Чет өлкөгө чыгуу, виза алуу өтө татаал эмеспи. Ар кайсы тааныштардан сураштырып жүрүп, эптеп жолун таап келгем. Азыр баары жакшы, кызым Америкада жашайт, уулум Бишкекте.
“Азаттык”: Жергиликтүү элге жуурулушуп жашап кетүү оңой болбосо керек?
Гүлнара Жолдошева: Ар бир адамдын жолу ар кандай болот эмеспи. Италиялыктар муну “фортуна” дешет. Кыргызда "жолдуу адам" дешсе керек. Мен келгенде эле жакшы үй-бүлөгө туш болдум. Кичинекей кызды бактым. Ал азыр чоңоюп, 13кө чыкты. Азыркыга чейин кабарлашып турабыз. Бул жакка келген кыздардын көбү бала же улгайган адамдарды карашат. Тил билгендер мейманкана, ресторан өңдүү тейлөө тармагында иштешет. Мен азыр Римдин борборунда чакан мейманканада иштейм. Бүт дүйнөдөн туристтер келет. Европадагы кыргыздар да келип турат.
“Азаттык”: Италияда кыргыздар көп деп уктук?
Гүлнара Жолдошева: Ооба, көп. Неаполь деген шаарда эле 3 миңдей кыргыз бар деп уктум. Сардинияда да абдан көп. Үй-бүлө, бала-чакасын да алып келишет. Алгач келип иштеп, ордун таап алып анан Кыргызстанда калган балдарын алып келгендер бар. Башкы проблема – документ. Эгер италиялык үй-бүлөлөрдүн ишенимине кирсе, мыйзамдуу иштегенге документ алып беришет. Кокус андай болбой калса мигрант үчүн кыйын эле.
“Азаттык”: Италиялыктардын ишенимине кирүү да кыйын болсо керек? Же кыргыз кыздары оңой эле жагып кетишеби?
Гүлнара Жолдошева: Жок, буларга жагуу өтө кыйын. Ишти так аткарган, жоопкерчиликтүү, чынчыл адамдарды баалашат. Сезимтал болуп бир нерсени тез алып кетиши керек. Кыргызстанга барганда көп эле жаштар "Италияга алып кетиңизчи" деп суранышат. Бирок алардын баары эле бул жактагы оор турмушка даяр эмес да. Бир ирет аэропортто үйүнө кеткенге акчасы жок, ыйлап турган кыргыз кызды көрүп калдым. Боорум ооруп Бишкекке өзүм менен кошо ала келген элем.
“Азаттык”: Кыргызстан туризм өлкөсү болгусу келет эмеспи. Италиядай деңгээлге жетише алабызбы?
Гүлнар Жолдошева: Менимче буларга жетүү үчүн бир топ убакыт, күч керек. Булардын бардык жери таптаза. Туристтер үчүн бүт ыңгайлуу шарт бар. Мен кээде чет элдиктерге Кыргызстанды айтып мактанам, интернеттен көрсөтөм. Бирок Кыргызстанда туристтерди тоноп кетиптир, сабап кетиптир дегенди угуп калсам кадимкидей уялам.
“Азаттык”: 13 жылдан бери жүрсөңүз кээде мекенди сагынасыз да. Анан ошол сагынычты кантип кетиресиз?
Гүлнар Жолдошева: Ооба, кантип сагынбайсың. Ал жакта менин апам бар. Бир туугандарым, уулум жашайт. Бул жакка келгенде жаңы келгенде скайп жок эле. Беш жылдай кыйналдым. Кээде баарына кол шилтеп басып кетким келчү. Азыр болсо интернеттен күүлөрдү угам, жакындарым менен сүйлөшөм, кыргыз кинолорун көрөм.