Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.

Футбол: Жапония - Кыргызстан 5:1

Бүгүн, 15-июнда, Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 5:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти. Оюн Жапониянын Суита шаарындагы Panasonic стадионунда болду.

Оюндагы голдорду Жапония тараптан Ода Анаву (27, 31, 33), Сё Сасаки (73), Такаму Асано (78) киргизсе, кыргыз тарапка таандык голду пенальтиден Мирлан Мурзаев (45+1) киргизди.

Кыргызстандын дарбазасын Павел Матяш коргоду. Ал буга чейин коронавируска шектелип, сары тизмеге кирип, оюнга чыкпай калышкан үч дарбазачыны алмаштыруу үчүн 11-июнда Жапонияга жөнөп кеткен. Бул чектөөлөр Жапония өкмөтүнүн COVID-19 илдетине каршы чаралары болууда.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болду.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

15-июнда Жапония менен Кыргызстан беттешинен сырткары Тажикстан - Мьянма командалары да ойноп, тажик футболчулары 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бул оюндардан кийин F тайпасындагы командалардын тандоо оюндарынын 2-баскычындагы ээлеген орундары аныкталды.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада сегиз оюндан кийин 24 упай топтогон Жапония сап башына чыкты. Сегиз оюнда 13 упай топтогон Тажикстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Кырызстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да сегиз оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, сегиз оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. Ал эми 2-орунду ээлеген төрт начар команда, 3-орундагы сегиз команда жана 4-катарда жайгашкан төрт мыкты команда Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычына жолдомо алат. Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынан четтеди. Анткен менен Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычында ойнойт.

16:44 15.6.2021

Командалардын курамы:

Оюнда кыргыз тараптын дарбазасын Павел Матяш коргоп жатат. «Сары тизмедеги» оюнчулар бүгүнкү оюнга да катышкан жок. Кыргызстандын футбол бирлиги уюму коргоочу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар - Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Жапония менен болгон беттеште оюн талаасына чыкпай турганын маалымдады. Аталган оюнчулар коронавирус жугузду деген шек саналгандардын «сары тизмесине» кирип калган. Бирок ушул күнгө чейин аталган оюнчулардын тесттери бир да жолу оң жыйынтык көрсөткөн эмес. Жапон өкмөтүнүн коронавируска каршы саясатына ылайык, ушундай чектөө киргизилген.

16:46 15.6.2021

Бул командалар өз тарыхында буга чейин эки жолу беттешкен. Алар алгач 2018-жылы жолдоштук беттеште оюн талаасында кездешсе, 2019-жылы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында мелдешкен. Эки матчта тең Кыргызстан атаандашына жеңилген. Жапония курамасы F тайпасында 21 упай менен көч башын жетектеп келе жатат. Май айындагы ФИФА рейтингинде Жапония 28-катардан орун алса, Кыргызстан 99-орунду жайгашкан.

16:52 15.6.2021

Бир күн мурда болгон маалымат жыйынында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ак шумкарлардын оюнга даярдыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айткан:

- Жапония менен боло турган матчка оюнчулар канчалык даяр?

- Дагы бир жолу кайталайм, оюнчулардын коронавирус менен эч кандай көйгөйү болгон эмес. Анткени алар тапшырган тесттердин бардыгы терс жыйынтык берген. Даярдыктын бардыгы үзгүлтүккө учурады. Кандай шартта болбосун биз ага карабай машыгууну улантып жатабыз. Атаандашыбыз абдан олуттуу. Жапония курама командасы менен буга чейин Бишкекте беттешип, жаман эмес оюн болгон. Ал кезде биз сапаттуу футбол көрсөткөнбүз. Жеке кемчиликтер да болгон. Оюнда Жапониянын тажрыйбасы таасирдүү болгон. Бирок, бүгүнкү кырдаал башка жана биз болгон мүмкүнчүлүктү колдонууга аракет кылабыз.

- Эртеңки матч кандай болот деп ойлойсуз?

- Эртеңки оюн кызыктуу болот деп ойлойм. Атаандаш тууралуу көп маалыматыбыз бар. Ошол эле учурда биз жөнүндө алардын да маалыматы арбын. Маалымат бар. Ошого жараша пландагыдай даярдана беребиз. Атаандаштын күчтүү жактарын билебиз. Алардын кемчилигин колдонууга аракет кылабыз. Бирок, алар дагы биз тууралуу кенен маалыматы бар экенин түшүнөбүз.

16:59 15.6.2021

Оюндун 27-мүнөтүндө Жапониянын пайдасына эсеп ачылды. 25-мүнөттө кыргыз тараптын коргоочусу Айзар Акматов дарбазага багытталган топту колу менен тосту деген негизде ага сары айып кагазы берилип, жапон тарапка айып тобун тебүү мүмкүнчүлүгү берилди. 11 метр аралыктан Адо Онайву топту таамай тээп, алгачкы голду киргизди. Айзар Акматов буга чейин 7-июнда болгон Кыргызстан - Монголия командаларынын беттешинде коронавируска шектелип, "сары тизмеге" кирген үч дарбазачынын ордуна дарбазаны коргоп чыккан. Жапония - Кыргызстан 1:0

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG