Жапониянын чабуулчусу Адо Онайву хеттрик жасады. 33-мүнөттө кыргыз тараптын дарбазасына башы менен топту багыттап, 3-голду киргизди. Жапония - Кыргызстан 3:0
Гол! 31-мүнөттө Жапониянын чабуулчусу Адо Онайву 2-голдун автору болду. Жапония - Кыргызстан 2:0
Оюндун 27-мүнөтүндө Жапониянын пайдасына эсеп ачылды. 25-мүнөттө кыргыз тараптын коргоочусу Айзар Акматов дарбазага багытталган топту колу менен тосту деген негизде ага сары айып кагазы берилип, жапон тарапка айып тобун тебүү мүмкүнчүлүгү берилди. 11 метр аралыктан Адо Онайву топту таамай тээп, алгачкы голду киргизди. Айзар Акматов буга чейин 7-июнда болгон Кыргызстан - Монголия командаларынын беттешинде коронавируска шектелип, "сары тизмеге" кирген үч дарбазачынын ордуна дарбазаны коргоп чыккан. Жапония - Кыргызстан 1:0
Бир күн мурда болгон маалымат жыйынында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин ак шумкарлардын оюнга даярдыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айткан:
- Жапония менен боло турган матчка оюнчулар канчалык даяр?
- Дагы бир жолу кайталайм, оюнчулардын коронавирус менен эч кандай көйгөйү болгон эмес. Анткени алар тапшырган тесттердин бардыгы терс жыйынтык берген. Даярдыктын бардыгы үзгүлтүккө учурады. Кандай шартта болбосун биз ага карабай машыгууну улантып жатабыз. Атаандашыбыз абдан олуттуу. Жапония курама командасы менен буга чейин Бишкекте беттешип, жаман эмес оюн болгон. Ал кезде биз сапаттуу футбол көрсөткөнбүз. Жеке кемчиликтер да болгон. Оюнда Жапониянын тажрыйбасы таасирдүү болгон. Бирок, бүгүнкү кырдаал башка жана биз болгон мүмкүнчүлүктү колдонууга аракет кылабыз.
- Эртеңки матч кандай болот деп ойлойсуз?
- Эртеңки оюн кызыктуу болот деп ойлойм. Атаандаш тууралуу көп маалыматыбыз бар. Ошол эле учурда биз жөнүндө алардын да маалыматы арбын. Маалымат бар. Ошого жараша пландагыдай даярдана беребиз. Атаандаштын күчтүү жактарын билебиз. Алардын кемчилигин колдонууга аракет кылабыз. Бирок, алар дагы биз тууралуу кенен маалыматы бар экенин түшүнөбүз.