Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

Воронеж аза күтүүдө


Воронеж облусунун Новохоперск районундагы өрт чалган психоневрологиялык интернат.
Воронеж облусунун Новохоперск районундагы өрт чалган психоневрологиялык интернат.

Орусиянын Воронеж облусунда 14-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жекшембиге караган түнү аймактагы Новохоперск районунда жайгашкан психоневрологиялык интернатты өрт чалып, андан 23 адамдын өмүрү кыйылган эле.

Воронеж облусунун Новохоперск районунда жайгашкан психоневрологиялык интернатта ишембинин кечинде тутанган өрт жекшембинин таңында гана араң өчүрүлдү. Тилсиз жоо интернат имаратын толугу менен жалмап кеткен. Өрт чалган жерден алгач 21 адамдын сөөгү табылган. Оор жаракат алгандардын экөө кийинчерээк ооруканада мерт болуп, жалпысынан бул кырсыктан ажал тапкандар 23 кишиге жетти.

Мындан сырткары дагы 24 адам жабыркаган. Алардын үчөөнүн абалы оор экенин облустук оорукананын башкы дарыгери Нина Бондаренко билдирди.

- Алардын баары иске ууланып калышкан. Бир адам үчүнчү даражадагы күйүк менен жатат, - деди облустун башкы дарыгери.

Өрт чыккан маалда имаратта 74 адам болгон. Алардын төртөө медицина кызматкери, калган жетимиши оорулуулар эле. Куткаруучулар 51 адамды тилсиз жоодон сактап калышты.

Учурда өрт чалган жерде тазалоо иштери уланып, кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Өрт чалган оорукана
Өрт чалган оорукана

“Этиятсыздык менен эки же андан көп адамды өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча иш козголуп, аны Орусиянын Тергөө комитети көзөмөлгө алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Игорь Кобзев өрт ордунан турбай жаткан оорулуулардын бөлмөсүнөн тутанганын айтып жатат.

Алдын ала божомолдорго караганда, өрттүн чыгышына отко олдоксон мамиле же электр зымдарынын бири-бирине тийип кетүүсү себеп болгон.

Бул окуядан соң Мамлекеттик Думанын коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү, кырсык болгон Воронеж облусунан шайланган депутат Илья Костунов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жыгач капталган имараттардагы өрт коопсуздугу боюнча стандарттарды кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрыларын айтты. Орусиянын аймактарында Советтер Союзунан калган жыгачтан салынган эски имараттар дале кеңири колдонулуп келет. Өрт чалган интернат да ошондой имараттардын биринде турган.

Орусия президенти Владимир Путин кырсыктан жакынын жоготкондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да Воронеж облусундагы бул трагедияга байланыштуу орус президенти Владимир Путинге өлкө калкынын атынан көңүл айтуу жолдоп, каза тапкандардын жакындарына кайрат айтты.

Воронеж облусунун губернатору Алексей Гордеев 14-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялады.

Өрттөнгөнгө чейинки Воронеж интернаты

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG