Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Европа: аптап жүздөгөн кишинин өмүрүн алды, учактар коно албай калды


Франциядагы токойлор өрттөнүп жатат.
Франциядагы токойлор өрттөнүп жатат.

Дээрлик бир аптадан бери Европанын көп бөлүгү адаттан тыш ысыктан жабыркап атат. Бул убакыт ичинде абанын табы айрым аймактарда 40 градустан ашты, жүздөгөн кишилердин өлүмүнө себеп болду.

Ансыз да коронавируска чалдыккандар көбөйүп жаткан маалда ооруканаларга ысыктан жабыркап түшкөндөрдүн саны көбөйүп, кошумча чыңалуу жаратууда. Британиядагы аэропорттордун учуп-конуу тилкелери ээрип, каттамдарды кабыл алуу убактылуу токтосо, башка аймактарда темир жолдор ысыктан эриши мүмкүн деген кооптонуудан улам поезддер жай жүрүп жатат.

Испания: 500дөн көп киши каза болду

Онофре Муньос Испаниянын Каталония аймагындагы токойлорду каптаган өрттөн улам коопсуз жакка көчүрүлгөн жүздөгөн адамдардын бири. Ал үстүндө кандай кийими болсо, ошонусу менен шашылыш чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

"Биздин үйүбүз толук күйүп кеткенин билебиз. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин саякаттайм деп алган фургонубуз бар болчу, ал дагы толук күйүп кетти. Эми эч нерсебиз калбады. Терезелердин баары күбүлүп түшүп эле, жалындаган өрт каптады. Кечээ кечинде сүрөттөрүн көрдүк".

Бул аймактагы өрт миңдеген гектар токойду жок кылды. Тилсиз жоо менен күрөшкө жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр, тик учактар жана учактар тартылды. Испанияда аптаптан улам бир жума ичинде 510 кишинин көз жумганы расмий кабарланды.

Окуя болгон жерге 17-июлда Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес барып, табият кырсыгынан каза болгон карапайым тургундардын жана эки өрт өчүрүүчүнүн жакындарына көңүл айтты.

"Климаттын өзгөрүшү баарын жок кылып жатканын көрүп турабыз. Адамдарды, биздин экосистеманы, биоартүрдүүлүктү жок кылууда", - деди Санчес.

Португалиянын премьер-министри Антониу Кошта да быйылкы адаттан тыш ысыктын себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрдү. Ал "убакытты текке коротпой", кайра калыбына келчү энергия булактарына инвестиция салууну тездетүүгө чакырды.

Португалияда абанын температурасы бир аз төмөндөгөнү менен токойлорду өрт каптоо коркунучу дагы эле жогору экени эскертилди. Бул өлкөдө аптап жүздөгөн жарандын, өзгөчө улгайган адамдардын өмүрүн алды.

Испанияда токойлорду каптаган өрттөн улам миңдеген адамдар көчүрүлдү. 18-июль, 2022-жыл.
Испанияда токойлорду каптаган өрттөн улам миңдеген адамдар көчүрүлдү. 18-июль, 2022-жыл.

Британия: аэропорттун учуп-конуу тилкеси эрип кетти

Британияда адаттан тыш ысыктан улам тарыхта биринчи жолу эң жогорку "кызыл" деңгээлдеги эскертүү жарыяланды. Буга чейин бул аймакта эң жогорку температура 2019-жылы катталып, 38,7 градуска жеткен эле.
Ысыктан улам Лондондогу Лутон аэропортунда учак конуучу тилке эрип жаткандыктан, каттамдарды кабыл алуу убактылуу токтоду.

"Мен 30 жылдан бери метеоролог болуп иштейм. Бирок азыркыдай адаттан тыш ысык каптаган учурду көрө элек болчумун. Температуранын жогорулашы да болуп көрбөгөндөй тездеп баратат. Чындыгында мындай ысык кылым соңунда кадимки көрүнүш болуп калышы мүмкүн экени мени жана кесиптештеримди кооптондурат", - деди Метерология кызматынын жетекчиси Пол Дэвис.

Франциянын түштүк-батышындагы Жирон аймагында өрт 27 миң гектарга жайылып, 32 миң тургун коопсуз жактарга чыгып кетти. Улуттук метеорология кызматы дүйшөмбүдө аба 42 градуска чейин ысыганын каттады. Бул метеостанция ачылган жүз жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Франциядагы абанын температурасы. 17-июль, 2022-жыл.
Франциядагы абанын температурасы. 17-июль, 2022-жыл.

Адистер эгер адамзат абага көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгуусун кыскартпаса, абанын температурасы жылдан жылга көтөрүлө берерин эскертишет. 2015-жылы кабыл алынган Париж келишимин ратификациялаган өлкөлөр абанын жылышын 1,5 градустан ашырбоого белсенген.

Былтыр Глазгодогу саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2030-жылга карай Кыргызстан көмүр кычкыл газын 44% кыскартуу максатын көздөрүн билдирген.

Европа асфальтты эриткен аптапты көрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG