Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:18

Мөңгүнүн көчүшүнүн себеби эмнеде?


Мөңгү көчкөндө тартылган видеодон алынган сүрөт. Жети-Өгүз, 8-июль, 2022-жыл.
Мөңгү көчкөндө тартылган видеодон алынган сүрөт. Жети-Өгүз, 8-июль, 2022-жыл.

Жети-Өгүздө алгачкы ирет мөңгү көчкүсү катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын көлөмү 2 млн. куб метрден көп экенин, көчкү түшкөндө аны видеого тарткан туристтердин бири жеңил жараат алганын билдирди.

8-июлда Жети-Өгүз районундагы Жууку ашуусунда мөңгү көчкөнү белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көчкүнү сүрөт-видеого тарткан туристтердин бири бутунан жеңил жараат алган. Түшкөн мөңгүнүн көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метр болгон. Мөңгү жылгандан кийин ал аймакта көпүрө жараксыз болуп калган, бирок жол ачык экени айтылды.

"Бул аймакта мөңгү биринчи жолу көчтү"

Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына көчкү тууралуу маалымат 10-июлда саат 17:00 чамаларында түшкөн. Башкармалыктан жана Жайыт комитетинин беш кызматкеринен турган ыкчам топ Жууку ашуусуна барган.

"Ыкчам топ билдиргендей, көчкүнү сүрөт-видеого тарткан туристтердин бири бутунан жеңил жараат алган. Бирок алар барганда окуя болгон жерде эч ким болгон эмес. Анткени окуя 8-июлда болгон. Алдын ала маалымат боюнча туристке «Кумтөр» ишканасынын дарыгерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Көчкү мал айдап өтүүчү көпүрөнү басып калган. Азыр ал жол ачык, мал айдап өтүүгө тоскоолдук жок", - деди Жети-Өгүз районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, майор Нилбек Мамбеталиев.

Ошондой эле мөңгүнүн көчүшү райондо алгачкы жолу катталганын белгиледи.

Туристтердин бири социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, алардын тобунда 9 британ, бир америкалык болгон. Көчкүдөн алардын бирөө жеңил жараат алып, аны жакынкы медициналык борборго алып барышкан. Мындан тышкары чет элдиктерди коштоп жүргөн жергиликтүү тургундар да болгон. Алар да видео, сүрөттөрүн жарыялап жатышат.

"Мөңгүнүн көчүшүнө эки себеп бар"

Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% ак кар, көк муз жамынган тоолор түзөт. Борбор Азия чөлкөмүндөгү мөңгүлөрдүн 45% Кыргызстанга туура келет. Бүгүнкү күндө 9959 мөңгү бар. Алардын көпчүлүгү Ысык-Көл жана Нарын облусунда жайгашкан. Ири муз катмарлары дагы ушул аймактарда. Мындан тышкары Алай тоо кыркасында да мөңгүлөр көп. Мөңгүлөрдүн Кыргызстандын сууларындагы үлүшү жай мезгилинде 50-70% чейин жетет.

Эколог Анара Султангазиева Жуукудагы көчкүгө эки фактор - климаттын өзгөрүшү жана ошол аймактагы тоо-кен казуу иштери таасир берди деп эсептейт.

"Мөңгү да аба ырайы ысыганда кар сыяктуу эрип, жылат. Жуукудагы көчкүгө климаттык өзгөрүү жана адамдын, өндүрүштүн, кен байлык казуунун таасирин себеп деп айтууга болот. Мындай көрүнүш башка жерде да байкалышы мүмкүн. Ошол себептүү тоо экосистемасына тез арада көңүл буруп, ырайымдуу мамиле жасалышы керек. Дүйнөлүк илимпоздор алдыңкы жүз жылда климат 4,5 градуска ысышы мүмкүн деп жатышат. Адамдардын саны да 8 миллиардга жетти, бул маанилүү фактор. Ошондуктан табиятка зыян бербеген технологияларды колдонууга өтүү керек. Туура, алтын кымбат, бирок мөңгү андан да баалуу. 2050-жылдары суу баарынан кымбат болот деп айтылып жатат. Ошондуктан мөңгүнү көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Союз мезгилинде Кыргызстанда 8800дөй мөңгү болсо, азыр 9959 деп айтылат. Бул мөңгүнүн көбөйүшү эмес, тескерисинче, ири мөңгүлөр майдаланып, бир канча бөлүккө бөлүнүп жатат дегендик".

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда Глазго шаарында климаттын өзгөрүүсүнө арналган саммитте Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин көтөрүп, дүйнө коомчулугунан жардам сураган.

“Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин өлкөнүн токсон төрт пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат”,-деген ал.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. 2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG