Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу кызматын сунуштаган компаниялардын саны өстү. Ошол эле кезде чет өлкөдөн иш таап берүүнү убада кылган компанияларга алданып, нааразы болгон учурлар да катталууда.
Кыргызстандык Денис Култаев бир жарым жылдан бери Словакияда STD Donivo жүк ташуучу компаниясында айдоочу болуп иштейт.
Эми гана жумуш берүүчү ишкана менен тил табышып, иш ыргагына көнүп калган Денис адегенде Кыргызстандан жөнөткөн ортомчу агенттикке алданып калганын айтат.
Натыйжада аны менен чогуу барган он адам Кыргызстандагы фирмага 2000 евро төлөп, Словакиядагы иш берүүчүгө да ошончо каражат карыз болуп калган.
“Словакияга барып, пандемияда эки-үч ай отургандан кийин иш башталганда гана ачыгын билдик. Документтерге кеткен каражатты иш берүүчү компания бизди жөнөткөн агенттикке төлөп берген экен. Агенттик болгону Астанада виза ачып, Австрияга чейин билетти эле алып бергенин билдик. Биз менен чогуу баргандар бири-бирибиз менен сүйлөшүп отуруп, алданып калганыбызды билдик. Бирөөнөн 2 миң евро, дагы биринен 3 миң евро алыптыр. Анан калган акчаны талап кыла баштасак эле байланышка чыкпай койду. Кийин жумуш берген компания бизге которгон акчаны айылыгыбыздан кармап калды. Анын айынан түшүнбөстүк келип чыкты. Ортодо биз жалганчы болуп калдык. Акыр-аягы компания ортомчу агенттиктин алдамчылыкка барганын билди, алар менен иштешүүдөн баш тартты”.
Шербек Кенжебаев былтыр февраль айында Словакияга машина куруу заводуна келишимдин негизинде барган. Ишканадагы шарттар жакпай өз алдынча Чехияга барып, башка жумушка орношууга аракет жасаган. Бирок документи жараксыз болуп, каражаты жок калган маалда Эл аралык миграция боюнча уюму аркылуу Кыргызстанга кайтып келген.
“Адегенде, Словакиядагы машина куруу заводуна барганбыз. Жумуштун шарты жакпай калды. Эс алуусуз тикеден-тик туруп иштеш керек экен. Анан Чехиядагы кыргыз балдар жумуш бар дегенинен барып, ишке орношууга аракет кылдык. Чехиянын талаптарына тууралайбыз деп улам аракет кылып отуруп документтерибиз жараксыз болуп калды. Ал жакта документиң жок болсо эле жумушка ээн-эркин орношо албай калат экенсиң. Убактылуу жумуштарга чыгып жаттык. Кээде өзүбүздүн эле балдар алдап коюп жатты. Ошентип жүрүп акчабыз да түгөндү. Айла кеткенде Эл аралык миграция боюнча уюмунун жардамы менен Кыргызстанга кайра келдик”.
2022-жылдын башталышы менен бир катар өлкөлөр COVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрүн жеңилдетип, жумушчуларды кабыл ала баштады. Мындан улам чет өлкөгө жумушка барууну каалагандардын жана жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн ишканалардын саны да өскөн.
Эгер 2020-жылы чет өлкөгө жумушка орноштурууну сунуштаган Кыргызстанда 73 жеке компания иш алып барса, 2021-жылдын этегинде алардын саны 117ге жеткен. Өткөн жылы алар 3254 адамды 12 өлкөгө ишке орноштурган. Кыргызстандыктардын эң көбү, башкача айтканда 1510 адам Түркиядагы ишканаларга жумушка орношкон.
Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору былтыр 590 адамды Орусияга, 167 адамды Түштүк Кореяга меморандумдун негизинде жумушка орноштурган.
Борбордун директору Кубандык Акматбеков элдин агымы өсүшүнө байланыштуу маалымдоо жана кеңеш берүү иштери күчөтүлгөнүн, бул үчүн migrant.kg сайты иштей баштаганын билдирди.
"Migrant.kg сайтын ишке киргизгенбиз. Ал платформадан адамдар өзүн кара тизмеден текшерсе болот. Жеке агенттиктер тууралуу маалымат алса болот. "Жүк-200" тууралуу кеңири маалымат алат. Учурда күн сайын 600гө чейин адам сайтка баш багып жатат. Ар кайсы өлкөлөр чек арасын ача баштады. Мындан улам жарандарга чет өлкөгө жумушка баруу үчүн биздин борбор аркылуу же уруксат кагазы бар жеке агенттиктер аркылуу ишке орношуу керек экенин эскертип кетейин. Айрым ишкерлер уруксат кагазы, лицензиясы жок туруп адамдарды чет жакка жумушка жөнөткөн учурлар катталып жатат. Статистикага кайрылсак, 2021-жылы мыйзамсыз миграция боюнча алты материалды Ички иштер министрлигине жөнөткөнбүз. Ал боюнча иш козголгон. Анын ичинен үч учур сотко өткөн”.
Соңку жылдары мамлекет чет өлкөгө кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн компанияларга жарнама, кулактандырууларды жарыялаганда сөзсүз түрдө лицензиясынын номерин кошо жазууну милдеттендирген.
Бибигүл Досбаева жетектеген “Эмгек-Т” ишканасы беш жылдан бери кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенип келет.
Өткөн жылы ишкана алтымыштан ашуун адамды чет өлкөгө жумушка жөнөткөн. 2020-2021-жылдары жеке агенттиктер үчүн оор болуп, пандемиянын айынан көптөгөн тоскоолдуктар жаралган. Досбаева кандай гана жагдай болбосун жоопкерчилик жеке агенттиктердин моюнунда экенин айтат.
“Чет өлкөгө жөнөтөрдөн мурда ар бир адамга психологиялык жактан даярдык керек. Чет жакта адамга ошол жакка көнүп, адаптация болууга бир ай кетет. Ошол бир ай ичинде кардарлар менен тыгыз байланышта болуп турсаң, алар да тез ылайыкташат. Ар түрдүү факторлор бар. Мисалы, ал жакта түрдүү улуттагы адамдар менен бирге турат да. Анан “бирге жашагандардан тажадым” деп кайрылат. Кыйналып кеттим деп кайрылгандар болот. Ошондой мезгилде бир аз мотивация берип, колдоп турсаң тезирээк үйрөнүп, жолун таап кетет. Мен бул жерде кардар менен байланыш маанилүү дегенди айткым келет. Менин деле тиричилигим бар. Балдарым бар. Ошого карабастан түнү болсо түнү, эс алуу күндөрүнө карабастан байланышта болуп, бир аз болсо да колдоо, багыт көрсөтүп келем. Аларды жөнөтүп эле таштап койгон туура эмес деп ойлойм. Биздин колдоо аларга зарыл”.
Европада иштеп жаткан Денис Култаев иш караштырардан мурда бара турган өлкөнүн экономикалык жагдайынан баштап, ири ишканаларына чейин интернеттен изилдеп чыгууну сунуштайт.
Орусиядан айырмаланып Европа өлкөлөрүндө келишимди бузуп башка жумушка өтүү мүмкүн эместигин эскертет.
“Чет жакка чыгардан мурда ошол мамлекетти изилдеп чыгуу керек. Элинин жашоосу кандай? Орточо маянанын өлчөмү канча? Экономикалык жагдайы кандай? Жумушчулар канча айлык алат? Эмнеге жергиликтүүлөр биздикилер барган ишканада иштегиси келбейт? Балким шарттары катаал чыгаар? Баарын изилдеп чыгуу керек. Эгер тилди билген адам болсо жумуш берүүчү менен түздөн-түз байланышып, келишим түзгөнү оң. "Европага келсең эле жыргап кетесиң" дегенден алысмын. Бул жактагы кыргыздарды көрүп жатабыз. Өтө кыйын шарттарда иштегендер көп. Канчасы кайра кайтып кетип жатат. Дагы бир маселе, Орусияда иштеп келгендер ал жактагыдай эле көрүп бир жумуш жакпаса, экинчисине өтүп кетем деп ойлошот. Бул жакта андай эмес. Келишим сенин бардык кыймыл-аракетиңе байланган”.
Белгилей кетсек, чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген жеке компаниялар лицензия алардан мурда 100 миң сом мамлекеттик казынага которушу абзел. Бул каражат алардын кардарына карата жоопкерсиздик жагдайы жаралса, колдонулушу мүмкүн. Компаниялар ортомчулук кызматы үчүн кардарынын маянасынан 50 пайыздан көп акы алууга укугу жок.
Кардарлардын арыз-даттанууларынын негизинде компаниялардын ишине текшерүү жүрүгүзүлөт. Адамдар жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборуна кайрылса болот.
Компаниянын лицензиясы “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” мыйзамы жана “Кыргызстан жарандарын чет өлкөгө эмгекке жайгаштыруу иштерин жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун негизинде жокко чыгарылат.
Өткөн жылы Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу” 168-беренеси кабыл алынып, мыйзам катаалдашкан. Анын негизинде үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.