Жыйындын күн тартибине ошондой эле мигранттар кризиси, коопсуздук жана коргонуу маселелери киргизилген.
Өткөн июнда британиялыктар биримдиктен чыгууну колдогондон кийинки кысталыш жагдайда макулдашылган бул саммитте кандайдыр бир конкреттүү документтер кабыл алынбаса да, аны кайсы бир деңгээлде тарыхый деп сыпатташууда.
Франциянын "Ле Монд" гезити атүгүл Европа Биримдигин куткаруучу жума деп жазды. Каадалуу жолугушууда негизги маселелер боюнча "жол картасынын" долбоору талкууланып, аны эмдиги жылы мартта Евробиримдикти түптөөгө пайдубал болуп берген Рим келишиминин 60 жылдыгына арналган жолугушууда аягына чыгаруу болжолдонууда.
Германиянын канцлери Ангела Меркел Братиславада билдиргендей, шаркет туш болгон азыркы көйгөйлөр бир эле саммитте чечилбейт:
- Албетте, Европанын проблемалары бир эле саммитте жөнгө салынат деп күтүү жарабайт. Биз конкреттүү иштер аркылуу ички жана сырткы коопсуздук, террорчулукка каршы күрөш, коргоо тармагындагы кызматташтык, экономикалык өсүш, калкты жумуш менен камсыз кылуу, санариптик рынок жагын жакшыртууга кудуретибиз жете аларын көрсөтүүгө тийишпиз.
Жай бою Ангела Меркел, Франциянын президенти Франсуа Олланд, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер мүчө мамлекеттердин борбор шаарларын кыдырып, орток саясатты иштеп чыгууга, позицияларды, араздашуулардын орчундуулугун аңдап-билүү аракетин көрүштү.
Туск белгилегендей, эң негизгиси ушу тапта “саясий биримдиктин духун” жандантуу керек. Байкоочулар ортодо өзгөчө оор келишпестик бар деп айтууга болбостугун, бирок ошол эле учурда бекем биримдик деле жоктугун жашырбай айтууга болот.
Биримдик жетекчилери "Брексит" жалаң эле Британиянын проблемасы эместигин түшүнүүгө тийиш деп эсептешет. Британиядагыдай тынчсыздануулар Европанын башка өлкөлөрүндө да бар. Азыр өкмөттөр популизмге азгырылбай, элди түйшөлткөн маселелерди чечип, өз жарандарынын ишенимин кайтарууга тийиш экенин Туск атайын белгиледи.
Бирок Братиславада "Брексит" тууралуу кеп болбойт. Себеп дегенде азырынча премьер-министр Тереза Мэй шаркеттен чыгуу сүйлөшүүлөрүнө жол ачкан беренени ишке ашыруу буйругун бере элек.
Биримдиктин лидерлери миграция кризиси, Грециядагы окуялар жана башка проблемалар Британия референдумунун ушундай жыйынтыгына, Брюсселдин саясатынан көңүлү калган жарандардын санынын көбөйүшүнө алып келгенин жакшы түшүнүшөт.
Бирок кырдаалды оңдоо, интеграцияны тереңдетүү өңдүү аракеттерди ишке ашыруунун жолдоруна келгенде, орток пикир көпчүлүк учурда жоктой.
Алсак, Вышеград төртилтиги биримдиктин ыйгарым укуктарын чектөөнү жактайт. Польша, Чехия, Венгрия жана шаркетке учурда төрагалык кылып келаткан Словакия реформа долбоорун сунуш кылууну чечкен.
Ай башындагы жолугушуудан кийин Венгриянын премьер-министри Брексит Евробиримдикке “каталарын оңдоого жакшы шанс берди” деп айткан эле.
Баса, төртилтик иммиграция маселесинде да Брюсселдин бул жааттагы чечимдерине каршы болуп, катаң позицияны ээлеп келатат. Бир нече күн мурун эле Люксембургдун тышкы иштер министри уруштан кара башын калкалап качып чыккан бозгундарга каршы тосмо куруп жаткан Венгрия өңдүү өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруу керектигин билдирген.
Талкуулардын чордонунда коопсуздук жана коргонуу маселелери да болмокчу. Айрым эксперттер белгилешкендей, биримдик мүчөлөрү мына ушул эки маселе боюнча мунаса таап алышкан.
Айрым булактар Братиславада аскерий кызматташтыкты бекемдөө маселеси да каралышы мүмкүн дешет. Мындай долбоорду Германия жана Франция сунуш кылууда.
Айтмакчы, бул эки өлкө коргонуу тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү буга чейин эле, 1999-жылдан тарта эле көздөп келишкен. Бирок Лондон муну менен НАТОнун структураларына шек келет, альянска атаандаш блок түзүлүп калат деп каршы болгон.
Жогоруда айтылгандай, Братислава жыйынында конкреттүү чечимдер кабыл алынбайт. Бул саммиттен кийин Европа кеңеши октябрда экономикалык, ал эми декабрда коргонуу маселелерин талкууга алары болжолдонууда.