Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан күтүлгөн референдум 2-октябрга белгиленгенин билдирди. Анда венгер калкы Европа Биримдиги мигранттарды биримдикке мүчө өлкөлөргө квота менен бөлүшү керекпи же жокпу деген суроого жооп берүүгө тийиш.
Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки кездеги мигранттардын эң көп агымына туш болгон Европанын Венгрия референдумунан кийин бөлүнүп-жарылуусу дагы күчөйт деген чочулоолор жаралууда. Белгилүү болгондой, венгр бийлигинде антимиграциялык маанай күчтүү. Улуу Британияда Европа Биримдигинин ичиндеги миграцияга каршы маанай 23-июндагы референдумдун тагдырын чечкени маалым.
Виктор Орбан мигранттарды квота менен бөлүштүрүүгө каршы чыккан Европа Биримдигиндеги лидерлердин бири. Эми анын максаты ишке ашса, Европа Биримдиги дагы бир соккуга туш болот. Британиядагы референдум ЕБ келечегине жана дүйнөлүк базарларда ишенимсиздик жаратканы маалым. Референдумдан кийин акциялар төмөндөп, көп жылдан бери бапестелип келаткан экономикалык жана саясий интеграциялык жараяндарга сокку урду.
10 миллион калкы бар Венгрия 2015-жылы Европага мигранттар агылганда өз чек арасында биринчилерден болуп тосмо коюп, коргоно баштаган. Венгриянын мындай аракети сынга кабылып, ал ЕБдагы товар жана адамдардын эркин жүрүүсү тууралуу принцибине каршы келери айтылган.
Өткөн жылы 1 миллиондон ашуун мигранттарды кабыл алуу Евробиримдикти сындоого жол ачып, Брюссель 500 миллион калкты укпай, өзүмбилемдигин кылууда деп айыптаганга негиз болуп берди.
Европа Биримдигинин өкүлдөрү мындай референдумдар толкуну көп мезгилден берки кыйын сүйлөшүүлөр менен түзүлгөн институт жана органдардын чечим кабыл алуу механизмдерин талкалайт деп чочулайт.
Виктор Орбан миграция кризисине байланыштуу жыйындардын биринде Шенген зонасындагы өлкөлөр өз милдеттерин аткарбай жатканын сынга алган эле:
- Кризистин биринчи булагы Европа Биримдигине мүчө болгон өлкөлөрдүн Шенген келишимин, аны ишке ашыруу боюнча убадасын аткарбай жатышында. Бизде Шенген келишими бар. Аны баары аткарышы керек. Биз Шенген келишимине каршы келген ачык чек ара саясатына чек коебуз деген ойдомун. Аны аткаруу боюнча убадалар аткарылат деймин.
4-июлда Европа Биримдигинин алдыңкы өлкөлөрү болгон Франция, Германия жана Италия лидерлери Венгрияга коңшулаш Балкан өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту. Анда Европа Биримдигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси талкууланды. Британиянын Биримдиктен чыгуу чечиминен кийин Балкан өлкөлөрүндө Евробиримдикке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу кандай болот деген суроолор жаралган. Саммитте Европа Биримдигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу мурунку калыбында уланары айтылды. Германиянын канцлери Ангела Меркел:
- Бул жердеги ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Көп өлкөлөр биримдикке мүчө болуунун биринчи барактарын ачкан. Башкалар анын үстүнөн иштеп жатат. Бирок бардык мамлекеттер Европа Биримдигине мүчө болууга умтулууда бир экенин билдиришти. Биз ал жараянды колдоону улантабыз.
Биримдик лидерлери менен Балкандагы Албания, Босния жана Герцеговина, Хорватия, Косово, Македония, Черногория, Сербия жана Словения лидерлери жолугушту. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн Венгрия менен чек арасы бар.