Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Коррупция менен күрөшкөн прокурорду жактырбаган бийлик


Лаура Кодруца Көвеши
Лаура Кодруца Көвеши

Румыниянын Антикоррупциялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, паракорлор менен күрөштө атагы башка өлкөлөргө да тараган прокурор Лаура Кодруца Көвеши Евробиримдиктин прокуратурасын жетектөөгө негизги талапкер катары каралууда. Бирок Бухарест өкмөтү ага бут тосуп келе жатат.

7-мартта Европарламент жаңы түзүлгөн Европа прокуратурасын жетектөөгө Лаура Көвешинин талапкерлигин сүрөөнгө алышаарын бышыкташты. Буга чейин анын талапкерлигин парламенттин эки комитети колдогон.

Адегенде ал кызматты башкарууга 30 киши арыз берген. Иргелип отуруп, эки талапкер - Көвешиден сырткары Франциянын өкүлү Франсуа Боннер калды.

Акыркы чечим 11-мартта кабыл алынмакчы.

Башкы прокурор Еврошаркеттин бюджетине байланышкан кылмыштарды иликтөө менен алектенет.

Брюссель Көвешинин коррупцияга каршы күрөшүн оң баалап, ушундай жооптуу кызматка тандоону караштырып, ишеним артып жаткан кезде Румыния өкмөтү ага бут тосууга аракеттенүүдө.

Бейшембиде Көвеши судьялардын кылмыштарын иликтеген жаңы мекеменин сурагына кайрадан чакырылды. Прокурор кызматынан кыянат пайдаланган, пара алган, жалган көрсөтмө берген деп айыпталууда.

Румыниялык журналист Южин Томиук өлкө Еврошаркетке кабыл алынгандан кийин да коррупцияга каршы күрөшкө Брюссель өзү байкоо салып турганын белгилейт. Бирок 2016-жылы шайлоону жеңген социал-демократтар биримдиктин талабы менен жүргүзүлгөн реформаларды токтотууну чечкен:

- Алардын оюнда Румыния шаркетке кабыл алынаарда берген убадаларын аткарды, реформаларды жүргүздү. Эми биримдиктен кайра чыгарып салышмак беле, баягы эле жолубузга кайталы, мурдагыдай эле уурдай берели дешет. 2017-жылдын январында, шайлоодон бир ай өтүп-өтпөй, Еврошаркеттин жардамы менен ишке ашырылган соттук реформалардан чегинүү башталды. Ошондо коррупцияга айыпталган же соттолгон аткаминерлердин иштерин, өкүмдөрүн да өзгөртүүгө шарт түзүлөт.

журналист Южин Томиук
журналист Южин Томиук

Көвеши антикоррупциялык башкармалыкты беш жыл жетектеп, былтыр солчул өкмөт тарабынан кызматтан алынган.

Көпчүлүк байкоочулар анын кетирилишин жогорку аткаминерлерге, анын ичинде бийликтеги Социал-демократиялык партиянын лидери Ливиу Драгенага каршы козголгон кылмыш иштери менен байланыштырышат.

Көвеши кызматта турган жылдары жогорку жетекчилерге каршы жүздөгөн кылмыш иштери ачылган. Мурдагы премьер-минстр Адриан Нэстасе, бир катар чиновник, ири бизнесмендер соттолгон.

- 2015-жылкы статистиканы карасак, Антикоррупциялык башкармалык рекорд койгон. Мекеме тарабынан айыпталган же өкүм чыгарылган адамдардын арасында ошол кездеги өкмөт башчы Виктор Понта бар. Көз боёмочулук, расмий документтерди бурмалоо, салык төлөөдөн качуу жана кызматынан кыянат пайдаланууга күнөөлөнгөн саясатчы 2015-жылдын ноябрында кызматынан чегинүүгө аргасыз болгон. 5 министр, парламенттин 21 депутатына айып тагылган. Бухарест шаарынын мэри Сорин Опрескунун жеткен паракор экенин Румынияда бардыгы билишчү, бирок былык иштеринин бетин эч ким ача алган эмес, - дейт журналист Томиук.

Евробиримдиктин эң коррупциялашкан өлкөлөрүнүн бири Румыния ушул тапта шаркеттин дотациялык незиздеги төрагасы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG