Жогорку Кеңеште элчилерди дайындоодогу парламенттин кадыр-баркы тууралуу талаш-талкуу жаралды.
Мунун алдында парламенттин тармактык комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок президент Садыр Жапаров аны өз жарлыгы менен дайындаган.
Кыргызстанда былтыр Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкаруу системасына кайткан жана ошондон бери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.
Элчи дайындоодогу соңку маселени Жогорку Кеңеште алгач депутат Айбек Осмонов 26-январда жалпы жыйында сөз кылды. Ал парламенттин тиешелүү комитетинен колдоо таппаган талапкерди президент элчи кылып дайындаганын сынга алды.
"Бизде бир аз кызык иштер болуп жатат. Биз Эл аралык комитетте биринчи күнү Украинанын элчиси кызматына талапкерди карадык, биздин комитетте колдоо тапкан жок. Бирок аны бекитип коюшту. Бул бир аз туура эмес болуп калды. Экинчиден, Тышкы иштер министрлиги ушундай боло турган болсо, парламентке алып келбей эле өздөрүнүн ишин кыла беришпейби? Комитетте талкуу болуп, колдоо таппаган адам дайындалып отурат".
Президент Садыр Жапаров 25-январда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган.
Анын алдында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бул кызматка анын талапкерлигин колдобой койгон. Депутаттар мурдагы башкы чекист иштен чуулуу жагдайда кеткенин, жетекчи катары ишин сынга алышкан.
УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна бланктарды сатып алуу боюнча тендер чырынан кийин кызматын тапшырган.
Депутат Балбак Түлөбаев соңку окуяны бийлик бутактарын кагылыштырууга кызыкдар күчтөр менен да байланыштырды.
"Акыркы күндөрү оппозиция менен бийликти, Жогорку Кеңеш менен президентти атайын чабыштырган күчтөр барбы деп калдым. Элчилер боюнча комитетти сындырды да. Комитеттин чечими башка, президенттин чечими башка. Муну кандайча түшүнсө болот?".
Мындай талаш-тартыштардан улам депутат Адахан Мадумаров талаш-талкууга негиз болгон кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароого чакырды.
"Бийликтин эки бутагын кагыштырууга кызыкдар күчтөр бар деп сүйлөгөндөн кийин биз аны карашыбыз керек. Ошол кагазды сырттан келген кишилер киргиздиби же бийликтин бир бутагында турган кишинин кол алдындагылар киргиздиби? Биз "үчүнчү күч бар" деп айта беребиз, бирок ал ким экенин айтпайбыз. Бул жерде болсо конкреттүү адамдын аты-жөнү бар. Ошол адамдын аты аталышы керек. Алмасбек мырза (Абытов-ред.), айрыкча элчиликке кетип бараткан азаматтарды өтө кылдат карасаңар. Себеби алар мамлекеттин, өлкөнүн жүзү болот. Артында кылмыш иши барларды, чет тилин, элчилик эмне экенин билбегендерди дагы элчи кылып жиберип, Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркына шек келтирип жатат. Башка мамлекеттер мыктылардын мыктысын элчи кылып жиберет".
Депутаттардын сын дооматына президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов жооп берди. Ал элчилерди президент гана дайындай турганын белгилеп, мындай учурлар кайталанбашы үчүн атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.
"Жаңы Конституциянын нормасына ылайык, 70-берененин 6-бөлүмүнүн 4-бөлүгүндө "президент Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерин, өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт, аларды кайра чакыртып алат". Бул жаңы Конституциянын нормасы. Ошондуктан президент кечээ биздин Украинадагы элчини туура дайындады. Биз азыр мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүп жатабыз. Ошонун негизинде жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат, аркы жумаларда киргизилет. Экинчи мындай туура эмес иштер кайталанбайт. Бул боюнча азыр өзүнчө териштирүү жүргүзүлүп жатат".
Мындан туура бир жыл мурда Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүп, башкаруу формасын тандоого байланыштуу референдум өтүп, өлкө президенттик башкаруу системасына кайткан.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров конституциялык реформаны жактап жатып, аны "эл жоопкерчиликсиз бийликтен тажады" деген жүйө менен негиздеген. Президент былтыр жыл башында курган маектеринин биринде "бул көрсөткүч жарандардын өз ыктыяры жана эрки менен башкаруу формасын тандап алганын далилдейт. Бул президенттик башкаруу формасынан элдин күткөн үмүтү абдан чоң экендигин айгинелейт" деп айткан.
Деген менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы, депутат Жанар Акаев бул жагдайда мурдагы чакырылыштын депутаттарынын жоопкерчилигин белгиледи.
"Мурда, 6-чакырылышта президент "элчилерди парламенттин тиешелүү комитетинин макулдугу менен дайындайт" деген жобо бар эле.
Азыр жаңы Баш мыйзамда аларды "президент өзү дайындоого укуктуу, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине консультацияга гана алып келет" деп турат. Ошон үчүн комитеттин авторитети үчүн комитетте өтпөй калган талапкерди президент дайындабай койсо болмок. Бирок жаңы Баш мыйзамда президенттин укуктары кескин күчөгөн, парламенттин укуктары азайган. Ушул жерде 6-чакырылыштын депутаттары жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдоп беришкен, биз каршы чыкканбыз. Алмасбек Акунжанович (Абытов - ред), түшүнүксүз маселелер болбошу үчүн Конституциянын, мыйзамдардын алкагында сөзсүз түрдө тиешелүү комитет менен кеңешип, бул маселени чечишибиз керек. Бирок комитеттин жүзү жарык, жалпы коомчулуктун алдында өзүнүн принцибин, позициясын көрсөттү".
Талдоочу Марс Сариев парламенттин кадыр-баркы ылдыйлай бериши ыктымал экенин белгилеп, Жогорку Кеңештин регламенти өзгөрүшү керектигин эске салды.
"Эми ушундай түшүнбөстүк боло берет. Менимче азыр парламенттин рычагдары жок. Алар ушундай абалга көнүшү керек. Албетте, бул өкүнүчтүү. Себеби парламенттик өлкө курабыз деп жатып аныбыз ишке ашпай калды. Буга чейин өлкөдө парламент деле маселе чеччү эмес, баарын президент чечип келген. Азыр эми парламенттин кадыр-баркы чынында түшүп калды. Мындан ары дагы түшөт. Ошондуктан регламенттерин өзгөртүп, ошондой оңтойсуз абалга калбагандай болушу керек. Депутаттар мурдагыдай эле күчүбүз бар деп ойлоп жатат. Өмүрбек Текебаев жакшы эле ой менен батыштагыдай парламент курам деген. Бирок бизде башынан эле парламент эмес, президент чеччү. Бирок жоопкерчиликти парламент менен өкмөт тартчу. Президент эч нерсеге жооп бербей башкарып келген. Депутаттар парламентаризм идеясын мурда эле дискредитация кылышкан. Азыр болсо аны түшүнбөй кайра эле бир нерсе чечебиз деп ойлоп жатышат".
Конституциялык реформа учурунда коомчулукта президенттик башкарууга өтүүгө каршы чыккандар болгон. Алар өлкөнүн өткөн тарыхын эске салып, эки жолку ыңкылапка ушул система, бийликтин бир колго топтолушу себеп болгонун жүйө келтиришкен.
Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева бийликтин тең салмактыгы бузуларын эскертип, анын таасири саясий кырдаалга тийиши мүмкүн экенин айтып чыккан.
Кыргызстандагы Баш мыйзамынын айланасындагы талаш Венеция комиссиясына чейин жеткен. Аталган комиссия Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирге Баш мыйзамдын жаңы редакциясында каралган президенттин жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына анализ берилип, айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтириши мүмкүн деген тыянак берген.
Өлкөдө Баш мыйзам менен кошо шайлоо мыйзамдары дагы өзгөргөн. Ага ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин азайды. Парламент бир мандаттуу (36 депутат) жана партиялык тизме (54 депутат) менен шайланып келген депутаттардан куралды.
Эң башкы өзгөчөлүгү парламенттин коалицияга биригип, өкмөт түзүү укугунан ажыраганы болду.