Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) алдамчылыкка шектүү деп кармаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов эки айга тергөө абагына камалды. Ал Тажикстанга элчи болуп дайындалуу алдында турган. Чек арадагы абалдан улам мамиле солгундап турган өлкөгө элчи болуп дайындала турган адамдын кармалышы, мамлекеттин тышкы саясаты тууралуу маселени козгоду.
23-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМК алдамчылыкка шек санап кармаган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Нурматовду эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камады.
Нурматовду Тажикстанга элчи кылып дайындоо үчүн бардык жараяндар бүтүп, президенттин кол коюусу гана калган. Тажикстандан макул болгон кат (агреман) келип, анын талапкерлигин парламенттин тармактык комитети колдоп берген.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев мындай ыңгайсыз абалдын жаралышына өлкөнүн тышкы саясатын тейлеген мекемелер менен атайын кызмат жоопкер деп эсептейт.
“Биздин комитет колдоп берген. Тажикстанга макулдашууга жөнөтөрдөн мурда атайын кызмат текшерип маалымат берет. Андан кийин Тышкы иштер министрлиги макулдашуу үчүн Тажикстанга жөнөтөт. Анан биздин комитет карайт. Нурматов бардык процедурадан өткөндөн кийин мындай иш болгону түшүнүксүз болуп турат. Анткени, Тышкы иштер министрлиги, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү, атайын кызматтар кандай иштеди, көп суроо жаралып жатат. Абдан чоң кемчилик болду. Башка мамлекет болсо дагы бир аз билинбейт эле. Тилибиз кыска болуп, ыңгайсыз абалда калып жатабыз да. Ушундай кырдаалда туура эмес болуп калды”.
Парламенттин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов 20-сентябрда атайын кызмат тарабынан 2013-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган учурундагы иш боюнча 500 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалган.
УКМК экс-депутаттын кармалышына себеп болгон иштин жагдайы тууралуу кенен маалымат берген жок.
Кубанычбек Нурматовдун жакындары жана адвокаттары иштин жагдайы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Буга чейин президенттин администрациясы “Азаттыкка” экс-депутат элчи кызматына ага байланыштуу окуянын чоо-жайы такталып бүткөнчө сунушталбай турганын билдирген.
“Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңеште зарыл болгон макулдашуу жол-жоболорун ишке ашырып, президенттин администрациясынын тиешелүү бөлүмүнүн кароосуна киргизген. Бирок форс-мажор жагдайга байланыштуу маселени кароо окуянын чоо-жайы такталганга чейин жылды. Мындан аркы аракеттер тергөөнүн жыйынтыгынан жана соттун чечиминен кийин көрүлөт”, - деген президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.
55 жаштагы Нурматов 2015-жылдан 2021-жылдын август айына чейин Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаты болгон. Ага чейин 2012-2015-жылдары Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.
Нурматовдун аты 2011-жылы экс-спикер Акматбек Келдибеков отставкага кеткен учурда дагы аталган.
Ошол кездеги спикер Акматбек Келдибековго карата коюлган айыптоолорду иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Келдибеков Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлү кылып дайындаган Кубанычбек Нурматовдун криминалдык дүйнө менен байланышы бар экенин жарыялаган.
2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайлангандан кийин анын диплому тууралуу да маселе жаралган. Башкы прокуратура депутат жасалма документ менен жогорку окуу жайына өткөн деп алдамчылыкка шектеп, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскарган кылмыш ишин кайра жанданткан.
Нурматов өзүнө карата айтылып жаткан маалыматтар жаңылыш экенин билдирген. Кийин бул иш эмне болуп аяктаганы боюнча маалымат жок.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков камакта жаткан Кубанычбек Нурматов тууралуу буларды айтты.
“Кубанычбек Нурматов 2010-жылы биз менен парламенттик шайлоого барган. Өзүнүн районунда жетиштүү добуш алган, бирок добуш албаган алдыдагы талапкерлер жылбай койгондуктан мандат тийбей калган. Буга чейин күч органдарында иштегенин да билем. Ошондуктан татыктуу деп Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлү кылып дайындаганбыз. Ал жакта жакшы иштеген. Кийин 2015-жылы “Кыргызстан” партиясы менен депутат болуп шайланып келди. Акыркы убакта Тажикстанга элчи болуп кетет деген сөз болуп жаткан. Компетенттүү, тажрыйбасы жетиштүү, татыктуу эле жигит. Эмне себеп менен кармалганын билбейт экенмин”.
Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин 2018-жылдын декабрынан бери Жаныш Рустенбеков жетектеп келе жатат. Быйыл жазда чек арада болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандагы элчинин дарегине да сын-пикирлер айтылган.
Байма-бай чек ара чатагы чыгып турган, айрыкча быйылкы куралдуу жаңжалдан кийин мамиле кескин сууп, төрт айдан бери чек ара бир тараптуу жабык турган өлкөгө Кубанычбек Нурматовдун элчиликке көрсөтүлүп, Тажикстан макулдук бергенден кийин камалышы түрдүү суроолорду жаратты.
Мурдагы дипломат, саясий ишмер Адил Турдукулов бул көрүнүш ырааттуу тышкы саясаттын жоктугунун далили деп эсептейт.
“Кыргызстанда кадрдык саясат бир нукта эмес экенин далилдейт жана башаламандык болуп жаткандыктын белгиси. Бир нече топтор өз ара таймаш жүргүзүп, кадрларын ар жакка коюуга аракет жасап, чечилгенден кийин дагы күрөш болуп жатканын көрсөтөт. Тышкы саясатка дыкат мамиле керек. Тажикстанга гана эмес, башка дагы өлкөгө элчи боло турган адам агреман алгандан кийин түрмөгө отургузулушу мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрөт. Тышкы күчтөр көз салып турат. Албетте, элчини президент өзү дайындайт. Айрыкча чек ара маселеси курч турган мамлекетке президент ишенген адам элчи болуш керек болчу”.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президент Садыр Жапаров АКШ, Орусия, Казакстан сыяктуу стратегиялык өнөктөштөрдөгү жана бир катар мамлекеттердеги Кыргызстандын элчилерин алмаштырды. АКШдагы элчилик кызматка октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн аппаратын башкарган Бакыт Аманбаев, Орусияга Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлнара-Клара-Самат, Казакстанга октябрь окуяларынан кийин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн башкарган Дастан Дүйшекеев, Францияга экс-депутат Садык Шер-Нияз дайындалды.