Май айы – бөкөндөр үчүн туут маалы. Адистердин баамында Казакстандын байтак талааларын байырлаган бул антилопа сымал жаныбардын башы жыл сайын орто эсеп менен 40 пайызга көбөйүүдө. Бирок адистер бөкөндүн санын көбөйтүү оңой болбогонун, анткени анын эң башкы душманы азуусу курч жырткычтар эмес эле кадимки адамдардын ач көздүгү экенин белгилешет.
КУУТТАН КИЙИН
Актөбө облусунун Ыргыз айылынын 74 жаштагы тургуну Омар Сактаганулы өмүрүнүн 45 жылын бөкөндү коргоого арнаган. Ал Ыргыз-Торгой мамлекеттик жаратылыш коругунда иштеп, 2012-жылы пенсияга чыккан. Ал бөкөн тууралуу билгендерин сааттап айтып бергенге даяр. Омар азыр да байтак талаага чыгып турат. Ал 2022-жылдын аягынан 2023-жылдын январында Ыргыздын айланасында үйүрүнөн адашкан бөкөндөрдү көп көргөнүн айтат.
Кууттан кийин үйүрдөн калган бөкөндүн эркектерин "саспактар" же “мүйүз паашалар” деп аташат. Омар Сактаганулынын айтымында кууттан кийин алдан тайып турган “мүйүздөр” көбүнчө жырткычтарга жем болот.
"Ыргыздан 30 чакырым алыста Ботабай деген жер бар. Март айынын башында мен ал жерден отузга жакын саспак көрдүм. Алардын көбү кийин кырылып калды. Алар түлкү менен талаа түлкүсү - карсактын жемине айланат. Кууттан кийин саспактардын күчү түгөнөт. Үйүрдөн калгандары бир азга чогуу оттойт. Эркектеринин жаштары кайра күч топтоп үйүрдү кууп жетип алат. Ал эми карыгандары чарчап, жүрбөй калат да, ачкадан өлүшү ыктымал. Бул эзелки табият мыйзамы. Жаратылыш антип күчтүүлөрдү сактайт", - дейт Сактаганулы.
Ал өткөн жылдын декабрында Ыргыз дарыясынын боюнда көп жылдан бери биринчи жолу бөкөндөрдүн куут оюндарын көрдү. Тажрыйбалуу адис "бул бөкөндүн башынын арбышынан” дейт. Талаа антилопалары, адатта, куут маалында көздөн далдоо ээн жерлерге жер которуп кетишет.
"Декабрь – бөкөндөрдүн куут маалы. Ал 5-декабрда башталып, жыйырмаларына барып бүтөт. Буга чейин бөкөндөр куут мезгилинде Ыргыздан 300 чакырым алыстагы Атанбаска барышчу. Бул жолу алар айылдан 10 чакырым да чыккан жок. Былтыр күзүндө Ыргыздагы райондук соттун имаратынын алдында бөкөн көрдүм. Аны айылга ит кубалап кирсе керек", — дейт Сактаганулы.
Казакстанда бөкөндүн үч пародасы бар: Бетпак талаа бөкөнү, Волга-Урал бөкөнү жана Үстүрт бөкөнү. Ыргыз-Торгой мамлекеттик жаратылыш коругуна 2007-жылы "бетпак талаа бөкөнү" коё берилген. Ал 1,4 миллион гектар аянтты байырлайт.
Омар Сактагануланын айтымында, корукта 2007-жылы болгону 12-13 миң бөкөн бар болчу. 2022-жылдагы тик учак менен жүргүзүлгөн санак бөкөндөрдүн башы 489 миңге жеткенин көрсөттү.
Омар Сактаганулы жаш курагынан улам эс алууга чыкканына карабай бөкөн карап байтак талаага чыга берет. Ал жапайы жаныбарды беш колундай билет: алардын жашоо образын, адаттарын, тамактануусун.
"Бөкөнгө кара эрмен менен куурай күч берет. Бир сөз менен биз бул чөптөрдү "кара от" деп атайбыз. Кара оттун мекени Бирсуат жана Дилимбай өстөндөрү. Кууттан чарчаган текелер менен бооз бөкөндөр кара от жеп ирденет", - дейт пенсионер.
Куут маалында бөкөндөр чакан, орто жана чоң үйүрлөргө бөлүнөт. Чакан үйүрдө жүзгө жакын, орто үйүрдө миңдеп, чоң үйүрдө 10 миңдеп топтошуп жүрөт.
БӨКӨНДӨР ТӨЛДӨГӨНДӨ
Майдын башында бөкөн төлдөйт. Төлдөгөндө да көбүнчө эгиздеп тууйт.
"Туут маалында бооздору эркектеринен өзүнчө оттойт. Бул жаныбардын дагы бир өзгөчөлүгү – бөкөн уйгак баскан талаада төлдөйт. Анын жалбырактары май айында саргаят. Башкача айтканда, бөкөндүн улагы уйгактын саргайып бараткан түсү менен аралашып калат. Жанында туруп да улагын байкабай калышың мүмкүн. Бул эми жырткыч жаныбарлардан сактануу эмеспи! Ушундан кийин жаратылышка кантип суктанбай коёсуң", - деп сөз улайт Омар Сактаганулы.
"Бөкөндүн туулганы да керемет, - дейт ал. - Талаа обонго толот. Энелери мөөрөп, улактары маарап, байтак талаа ар авазга толукшуйт".
Ала бүркүт бул маалды колдон чыгарбоого аракет кылат. Уясын жакын жерге салган бул канаттуу адегенде улактын көзүн чукуп, кийин ал алсырап, кансыраганда этине тоёт.
Омар Сактагануланын айтымында, улак туулгандан эле чыйрак түшөт, ал туулгандан кийин үч-төрт саат өтпөй басып кетет да, адам аны атургай кубалап жете албай калат. Бирок кантсе да улак үчүн эң коркунучтуу мезгил – бул анын жашоосунун биринчи сааттары. Мына дал ушул маалда улак менен курч тумшук бүркүттүн ортосунда эзелтен келаткан жашоо үчүн айыгышкан, элдешкис күрөш жүрөт, качкан да жаным дейт, жаш этке тойсом деп кууганы да жаным дейт. Бул тээ алмаздактан келаткан айыгышкан, элдешкис күрөш.
Бөкөндө керемет бир өзгөчөлүк бар - ал өзүнүн да, башкалардын да улактарын өз-жат дебей эмизе берет. Үйүрдө жетим козу, улак деген болбойт.
Ыргыз-Торгой коругу
Май - Ыргыз-Торгой коругу үчүн кызуу мезгил. Бөкөн төлдөгөн маалда коруктун кызматкерлери жаңы туулган улактардын салмагын карап, алардын өсүшүн көзөмөлдөп, ургаачы, эркегин эсепке алат.
Ыргыз-Торгой мамлекеттик жаратылыш коругунун илимий маалымат жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Асет Саскебай беш жыл мурда жогорку окуу жайды аяктаган жаш адис. Анын байкоолору боюнча акыркы жылдарда үйүрдө эркек бөкөндөр көбөйдү.
"Кышы катаал жылдарда кууттан кийин бөкөндүн эркектери көп өлөт. Быйыл кыш жылуу болду. Ошондуктан, негизинен карыган текелер гана өлдү. Улактары бир жарым жашка чыккандан кийин куутка даяр болот. Башкача айтканда, бул абдан тез көбөйүүчү жаныбар. Адатта, эгиздеп, кээде үч эм туулат. Жаңы туулган улакты коркутуп албаш үчүн анын көзүн жаап туруп таразага тартабыз. Эгер көздөрү ачык болсо тынчы кетип, бизди алекетке салат", - дейт Асет Саскебай.
Кош-Бөйрөк, Шумкар-Кыя тоо этектери, Ыргыз-Торгой мамлекеттик жаратылыш коругундагы Шалкар заказниктери — бөкөндөр тууй турган аймактар.
Коруктун 65 инспектору жылдын 12 айы жайытты кыдырып, бөкөн тукумдаган жерлерди кезек-кезеги менен кайтарып турат.
Бир нече жыл мурда бөкөндөрдүн көбөйгөнү айыл чарбасына зыян келтирет деген сөздөр айтылып, анын башын жөнгө салуу сунуштары айтылган.
"Бизде бөкөн айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин тебелеп, дыйкандарга зыян келтирди деген учурлар катталган эмес, бул жагынан Уралдын нугундагы аймактардан айырмаланып турабыз. Мунун бир себеби - Ыргыз району негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Башкача айтканда, айдоо жери жок. Экинчиден, бетпакдалаа бөкөндөрү Уралдагы бөкөндөргө караганда кичинекей", - дейт корукчулар.
БӨКӨНДҮН ДУШМАНЫ КИМ?
Аба ырайынын кескин жагымсыз кубулуштары — катаал кыш, үшүк же кургакчылык, тоюттун аздыгы – жаныбарларга терс таасирин тийгизет. Казактар мындайды "жут" деп коёт. Жут 10-12 жылда бир кайталанат. Бирок бир нече жуттарды көргөн Омар Сактагануланын ою боюнча, адамдын ач көздүгү жуттан да алдаганча коркунучтуу.
"Айрымдар бөкөндү карышкыр кырат деп ойлойт. Чындыгында андай эмес. Карышкырга караганда мүйүзүн алам деп байтак талааны канга боёп жаткан адам андан алдаганча коркунучтуу. Карышкыр бөкөндү амалкөйлүк менен гана алат. Башкача болушу мүмкүн эмес. Бир жолу Сарышагыл деген жерде үч карышкыр чакан бир үйүрдү кубалап калды. Бири үйүрдүн аягында, экөө капталдан качырып баратты. Карышкырлар да үйүр-үйүрү менен ууга чыккан жырткычтар. Капчыгайда аларды башка карышкырлар күтүп турган. Бөкөн байкуш аны кайдан билсин? Бизди көрүп карышкырлар качып жөнөштү. Бирок браконьерлердин айла-амалы карышкырлардыкына караганда алда канча жийиркеничтүү. Бирок мыйзамды катуулатып, биз жеңилдеп калдык. Эми бөкөн аткан адамга 3,7 млн. теңге айып салынат. Ушундан улам Ыргызда бөкөнгө аңчылык кылып, анын мүйүзүн сатуу токтотду", - дейт Омар Сактаганулы.
1999-жылдан бери Казакстанда бөкөндөрдү (илимий максаттардан тышкары) атууга тыюу салуу алты жолу узартылды. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин маалыматы боюнча, мораторийдин натыйжасында Казакстанда бөкөндүн саны 1,3 миллионго жетти.
Бөкөндү мыйзамсыз атуу жоопкерчилигин күчөтүү максатында Казакстан өкмөтүнүн токтому менен республиканын бардык аймагында анын этин, мүйүзүн пайдаланууга кирген мораторий 2024-жылга чейин узартылды.
БӨКӨНГӨ САНАК
Эң көп деп 801 миң башы бар Волга-Урал бөкөнү эсептелет. Бетпакдалаа бөкөнү 489 миң, Үстүрт бөкөнүнүн саны 28 миңдей. Адистердин баамында Казакстанда бөкөндүн саны жыл сайын орто эсеп менен 40 пайызга өсүүдө.
Жазында жаныбарларды башы саналат. Санак адатта апрелде башталат. Жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат.
Антилопалар жылдын ушул мезгилинде териси агарып, кара фондо чакчая көрүнүп, санакты жеңилдетет. Бөкөн апрелде кыштоодон жайлоого көчө баштайт.
Жайында санак жүргүзүү кыйын: анын териси күнгө күйгөн өсүмдүктөрдөн айырмаланбайт. Мындан тышкары, бөкөн жайкысын кең талаага жайылып оттойт. Кышында алар анчалык чоң эмес аймакта оттогону менен ак карда ак түстөгү жаныбарлардын эсебин алуу кыйын.
Быйыл санак 200 саат бою жүрдү. Тик учакка үч эсепчи отурду, анын бири учактын кабинасында пилот менен, экөө учактын оң жана сол капталдарында бөкөндүн башын санашты.
Казакстанда дүйнөдөгү бөкөндөрдүн 90 пайыздан ашыгы багылат. Казакстанда ошол себептен бөкөн мамлекеттин коргоосуна алынган.
Үстүрт породасындагы бөкөндөр Мангыстау жана Актөбө облустарынын түштүк-батыш аймактарын байырлайт. Жер которгондо тигил башы Өзбекстандын аймагына чейин өтүп барат. Волга-Урал түрү болсо Казакстанстандын батышында жана Орусиянын курамындагы калмактардын аймагында жашайт. Бетпакталаа бөкөндөрү болсо бир гана Казакстандын аймагында көчүп, конуп жүрүшөт.
“Азаттыктын” казак кызматынын сайтына жарыяланган макаланы которгон Кубат Оторбаев. Түп нускасын бул жерден окуңуз.