Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

23:23 30.8.2021

Эгемендиктин 30 жылында Кыргызстанда демократияга багытталган институттар түзүлдү. Бирок коррупциялык схема тамырлап кетти. Тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов 30 жылдык эгемендик учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.

23:25 30.8.2021

28-августта Прага шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү. “Ала-Тоо” уюму уюштурган бул майрамга Чехиядан тышкары Германия, Венгрия, Австрия сыяктуу Европанын башка өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар да катышты. Иш-чаранын алкагында “Ала-Тоо” кубогу үчүн футбол мелдеши өткөрүлүп, аны Прагадагы кыргызстандыктардын командасы жеңип алды.

23:30 30.8.2021

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата "Азаттык" "Эгемендиктин балдары" аттуу атайын теле долбоор тартууда. Анда алалыгы Эгемендик жылдарына туура келген жана ошол жылдары төрөлгөн мигрант балдары тууралуу сөз болот.

09:17 31.8.2021

Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен бир нече өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттукташты. 30-августта Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель телефон чалып, президентти жана жалпы Кыргызстандын элин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттукташты. Өлкөгө өсүп-өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубат жашоо каалашты.

Президент Жапаровдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен 30-августта бир катар өлкөлөрдүн Бишкектеги элчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери да куттукташкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG