Талас облусунун "Ынтымак" командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада жеңүүчү болду.
Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасын 7:0 эсебинде жеңип алды.
Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленди. Бардык аймактарда майрамдык иш-чаралар өтүп, көкбөрү боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды.