Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

09:41 31.8.2021

Эгемендиктин 30 жылдык мааракесин майрамдоо салтанатын уюштуруу жана өткөрүү иштери учурунда Бишкектин бир нече көчөсү саат 02:00 тартып жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти менен Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин жабык болот.

Аскер парадына катышуучу атайын техникалардын жүрүүсүнө шарт түзүү үчүн Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь көчөлөрү, Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши, Профсоюзный көчөсү да жабылат.

09:54 31.8.2021

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Эгемендиктин 30 жылдыгына карата “Азаттыкка” маек куруп, Эгемендиктин барк-баасы, көз карандысыз мамлекет куруудагы кыйынчылыктар, соңку 30 жылдагы өлкөдөгү олку-солкулуктун себептери жана сабактары, прогресстивдүү коом куруу тууралуу пикирин билдирди.

Отунбаева: Акыркы демибиз калганча прогрессивдүү коом курууга умтула беребиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:04 0:00

09:55 31.8.2021

09:56 31.8.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG