Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Эгемендикке 30 жыл

1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган.

Буга байланыштуу 30-31-август күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өттү. Облустарда сахналашкан оюндар, концерттер, төкмө акындардын айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, манасчылардын, дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөрдүн фестивалдары өтүп жатат.

23:14 30.8.2021

Баткенде үйлөр курулуп бүттү

Эгемендиктин 30 жылдыгынын алдында Баткен облусунда апрель айынын соңундагы чек ара жаңжалында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы салынган турак жайлардын жарымы бүтүп ээсине тапшырылды.

Баткен шаарынын чет жакасында кыргыз-тажик жаңжалында каза болгондордун жакындары үчүн чакан шаарча пайда болду. Президент Садыр Жапаров курулуш иштери менен таанышып, үйлөр эки жумага жетпей толук бүтө турганын айтып убада берди. Үй куруу үчүн жерди мэрия бөлсө, калган чыгымын жеке компаниялар көтөргөн.

Эми Көк-Терек, Ак-Сай жана Достук айылында курулуш иштери башталганы турат.

Жергиликтүү тургундар эми чек аранын чечилишин күтүп жатышат. Анткени коопсуздук эң маанилүү экенин белгилешүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 50% ашык жери макулдашылган. Бул тууралуу ал 30-августта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

"Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50% ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл", - деди Жапаров.

Иш-чарага чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтор эки өлкөдө алмак-салмак жолугушууларды өткөрүүдө. Акыркы жолугушуу Дүйшөмбү шаарында 4-9-август күндөрү өттү.

Буга чейин акыркы үч айда Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай, анын 519 чакырымы такталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

23:15 30.8.2021

1920-1953-жылдар аралыгында сталиндик репрессияга кабылган 20 миң кыргызстандыктын ичинде 50дөн ашык улуттун өкүлдөрү, мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер, дин кызматкерлери болгон. “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953)” аттуу он томдук китептин автору, Коопсуздук кызматынын ардагери, окумуштуу Болот Абдрахманов эгемендиктин отуз жылдыгына карата “Азаттыкка” маек курду.

23:17 30.8.2021

Айкөл Манастын эстелиги, Эрдогандын куттуктоосу

30-августта президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эрдоган эки тараптуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстанды эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Жапаров Эрдоганга 31-августта Анкарада ачыла турган Айкөл Манас эстилиги жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялар учурунда Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу да сөз болду. Үйлөрдү курууга Түркия колдоо көрсөтүп жатат.

23:22 30.8.2021

Көкбөрү: Президенттин кубогу

31-августта биринчи лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командасы (башталышы: саат 10:00), эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” (Ысык-Көл) командасы (башталышы: саат 13:30), жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы (башталышы: саат 15:00) финалда ойнойт.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчалары жана "КТРК-Спорт" телеканалынан түз чагылдырылат.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн Көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган. Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты.

30-августта Ош шаарынын “Ала-Тоо” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада 3-орунду ээледи. Аталган команда коло байге үчүн беттеште Ош облусунун "Достук" командасы менен ойноп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин биринчи лигада 3-орун үчүн беттеште Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары ойноп, “Соң-Көлдүн” оюнчулары 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG