Кыргыз өкмөтү быйыл майда “Мамлекеттик органдардын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтом чыгарган. Ага ылайык, Айыл чарба, Эмгек жана социалдык өнүгүү, Маданият, маалымат жана туризм, Өзгөчө кырдаалдар министрликтериндеги кызмат орундары кыскарып, аткаруу бийлиги жылына бюджеттен 200 миллион сом үнөмдөөнү көздөгөн. Өкмөт бул токтомдун негизинде мамлекеттик кызматта иштегендердин 10 пайызы азаярын билдирген.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова штат кыскартуу кандай жүрүп жатканы тууралуу “Азаттыкка” ой бөлүштү:
Беш район менен беш шаар кошулганда 20 штат кыскарды. Жетекчилерди азайттык.
Каденова: Өзүңөр билесиңер, быйыл 7-майда өкмөттүн “Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” деген №227 токтому чыккан. Ошонун негизинде кичи шаарлардагы жана ошол кичи шаарлар жайгашкан райондордогу башкармалыктарды бириктирдик. Алар Чүй району менен Токмок шаарыныкы, Өзгөн району менен Өзгөн шаарыныкы, Талас району менен Талас шаарыныкы, Баткен району менен Баткен шаарыныкы жана Нарын району менен Нарын шаарыныкы. Себеби, алар географиялык жактан бир алкакта жайгашкан. Ушул беш район менен беш шаар кошулганда 20 штат кыскарды. Жетекчилерди азайттык.
Андан тышкары, башка райондордогу башкармалыктарда деле 10 пайыздан кем эмес кыскартуу болушу керек эле. Азыр бизде 11 пайыздан ашыгыраак штат кыскартуу болду. Кызматкерлердин функционалдык милдеттерин карап, талдоо жүргүзүп, ошонун негизинде чечим кабыл алынды. Азыр жалпысынан 187 штат жоюлду.
“Азаттык”: Жумуштан бошогондордун тагдыры эмне болот? Маяна менен жашап жүргөндөр кыскартууга туш келген соң башында кандайдыр жардам берилеби?
Мыйзамда жашы 65ке толгондорду мамлекеттик кызматтан бошотуу маселеси так жазылган. Ошол мыйзамдын негизинде пенсия курагындагы 35 адам кыскартууга туш келди.
Каденова: Биринчиден, өкмөт бизге тапшырма бергенде, "бош орундарга кызматкерлер алынбасын" деген тапшырма берген. Бул иштеп жаткандарга тиешеси жок кыскартуу болуп саналат. Ошондой 65 ваканттык бош орун кыскарды. Андан тышкары, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамда жашы 65ке толгондорду мамлекеттик кызматтан бошотуу маселеси так жазылган. Ошол мыйзамдын негизинде пенсия курагындагы 35 адам кыскартууга туш келди.
“Азаттык”: Жаш курагынан улам кыскартууга дуушар болуу – басмырлоо болуп калбайбы?
Каденова: Эмгек кодексине ылайык, аларга эс алуу жөлөкпулу, жумуш издөө мезгилиндеги тиешелүү жөлөкпулдары төлөнүп берилет. Тагыраак айтсам, ошол кызматкерге мурда алып жүргөн маянасынын эки айлык суммасындагы жөлөкпул бир жолу төлөнөт. Бул “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда так жазылган. Чектүү курак – 65 жаш деп жазылган.
“Азаттык”: Сиздердин министрликте жалпысынан канча киши иштейт?
Каденова: Жалпысынан 1800 болушу керек.
“Азаттык”: Жумуш орундарын кыскартуу канчага созулат?
Каденова: Дээрлик бүтүп калды. Тиешелүү документтик иштерди жүргүзүү менен башталгандан тартып үч айга созулат.