Жаңжал тагы: көйгөйү көп Достук
Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Алар 4-июнда дагы үйүндө түнөгөн жок. Бул күнү Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында түшүнбөстүктөр жаралган эле. 29-апрелдеги жаңжалдан кийин айылдан көчүп кетүүнү каалгандар көп. Буга бир гана чек арадагы чыңалуу эмес, айылдын көйгөйлөрү жагы себеп.