Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

28-декабрь: “Кемпирабадчылар” абакта калды, УКМК кармаган базар ээси ооруканада көз жумду


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. 28-декабрь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. 28-декабрь, 2023-жыл.

28-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

“Кемпирабадчылар” абакта калтырылды

28-декабрда Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад иши" боюнча шек саналып жаткандарды кийинки жылдын 29-январына чейин камакта калтырды.

Шаардык соттун алдында абакта жаткан шектүүлөрдүн жакындары сот отурумунун ачык өтүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Аларга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Шектүүлөр муну четке кагып келет.

Президент инвесторлорду алданып калбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга чет өлкөдөн келген инвесторлорду алдап кеткен фактылар катталып жатканын, укук коргоо органдары айрымдарынын каражатын кайра кайтарып берген учурлар бар экенин билдирди. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2023-жылдын тогуз айында Кыргызстанга сырттан 654 млн 621,9 миң доллар түз инвестиция келгенин кабарлады.

Бир ай мурда камалган Байтереков ооруканада көз жумду

Бишкектеги “Ак-Суу” базарынын ээси бир ай мурда камакка алынган Курманбек Байтереков 67 жаш курагында ооруканада көз жумду. Анын жакындарынын “Азаттыкка” ырасташынча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында камалып турган Курманбек Байтереков бир нече күн мурда ооруканага которулуп, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал 30-ноябрда “Сойкулукка тартуу” беренеси менен кармалган. Маркум буга чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими да болгон.

Казакстанда бороондон улам жүздөгөн айыл-кыштак электр жарыксыз калды

Казакстандын Түндүк-Казакстан жана Костанай облустарында бороондон улам дээрлик 300дөй калктуу конуш электр жарыксыз калды. Энергетиктер оңдоп-түздөө иштерине 55 бригада чыкканын билдирди. Костанай шаарында кардуу бороондон бир үйдүн чатыры учуп кетти. Борбордук аянттагы жаңы жылдык балаты, көчөдөгү шам чырактар кулады. Ондон ашуун машине кагышып, бир адам ооруканага жеткирилди. Бороондо калып, дайыны белгисиз болуп жаткан пенсионер аялдын жана 11 жаштагы небересинин сөөгү 27-декабрда табылды. Алар 26-декабрда эртең менен Степное айылынан чыгып, Костанайдан азык-түлүк сатып алышмак.

Израил армиясы Газанын борбордук бөлүгүнө соккуларын күчөттү

Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү качкындар лагерине сокку урганын Reuters агенттиги жазды. Жыйынтыгында жети кишинин өмүрү кыйылып, бир топ адам жараат алганын медиктер 27-декабрдын кечинде кабарлашты. Израил армиясы анклавдын борбордук бөлүгүнө сокку урганын ырастады.

Nikkei: Путин Украинада беш жыл согушарын айткан

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзинпинге Орусия Украинада кеминде беш жыл согушарын айткан. Бул тууралуу Nikkei жапон басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда бул жөнүндө Синин 2023-жылдын март айында Москвага жасаган сапары учурунда кеп болгон. Басылма жазгандай, Путин Орусия үчүн узакка созулган согуш пайдалуу экенин жана жыйынтыгында Москва жеңүүчү болуп чыгарын ишендирүүгө аракет кылган. Nikkei өз булактарына таянып белгилегендей, Кытай бийлиги Путиндин бул сөздөрүнө көп деле ишенбеши мүмкүн.

"Азаттыктын" жаңылыктар топтомун Телеграмдагы жана Вотсапптагы каналдарыбыздан окуп туруңуздар.

XS
SM
MD
LG