Дастан 33 жыл мурун Ростов-на-Дону шаарында төрөлгөн. Энеси ымыркайынан баш тартып, балдар үйүнө таштап кеткенин ал бала кезинде эле түшүнгөн.
- Мен балдар үйүндө чоңоюп жатканымды төрт жашымда аңдай баштадым. Муну акырындык менен өзүң эле түшүнөт экенсиң. Ата-эне жок эле, толтура бала менен жашайсың, тарбиячылардын айтканы менен болосуң. Кийин эс тартып калганда "мени бирөө багып алса экен" деп кыялданган күндөр болгон. Бирок 14 жашымда "мени бирөө-жарым багып алат, менин үй-бүлөм болот" деген үмүттөр өчтү. Балким кыргыз болгондуктанбы, мени эч ким албады.
Ары-бери согулуп, бир нече интернат алмаштырган Дастан эс тарткандан баштап төрөгөн энесин бир көрүүнү эңсеген. Төрөт үйүндө энесинин аты-жөнү көрсөтүлгөн бир барак кагаз сакталып калган экен. Төрт жыл мурун ал энеси Калбүбүнү Бишкектен тапкан.
- Апамды элестете алчу эмесмин. Бирок бир жолугуп, өзүн көрүп, эмне үчүн мындай болуп калганын өзүнөн сурагым келчү. Биринчи жолу 17 жашымда анын Ростовдо жашаган жерине барып издедим. Ал жактан эч дайыны чыкпады. Кийин бир тааныштар "апаң Кыргызстанда болсо табууга жардам беребиз" дешти. Мени үмүт жетеледи. Бир көргүм келди. "Үй-бүлө болуп жашайбыз, ал мени кабыл алат" деген деле жокмун. Бир көрүшкүм келчү. Акыры Кыргызстанга да бардым. Бир жумадай жүрдүм. Апамды ал адам тапты. Бирок мени менен жолуктурбады. Мен акырын анын телефонунан апамдын номурун алып, Орусияга кайтып келдим. Кийин ойлонуп жүрүп акыры өзүм жаздым. Сүрөтүмдү жиберип, бир топ сүйлөшүп жүрдүк. Анын балдары бар экен. Кийин мага Ростовго келди. Ошондо бир көрүштүк. Бирок жакындаша алган жокпуз, ал деле мени кабыл ала албады. Башкысы - биз азыр бири-бирибизге чоочун эмеспиз, биз таанышпыз. Мен аны мурун эле кечиргем, ага эч кандай капачылыгым жок.
Дастан азыр үй-бүлөлүү. Өзү Новочеркасск шаарчасындагы орто мектепте мугалим. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүү боюнча социалдык долбоорду жетектейт.
- Интернаттан кийин кесиптик коллежде билим алдым, кийин армияга барып келдим. Ростовдо жетимдер үчүн үй берилгенде, үйгө кезекке туруп койгом. Армиядан кийин окуумду уланттым. Кийин өзүм тарбияланган балдар үйүнө барып, социалдык педагог болуп иштеп калдым. Мен өзүмө окшогон балдарга жашоодо туура жол табууга жардам бергим келди. 30 жашымда Дима деген бала багып алдым. Ата болдум. Келинчегим Алена менен кийин таанышып, баш коштук. Азыр Новочеркасск шаарында мектепте мугалим болуп иштейм. Келинчегим жогорку билим алууда.
Дастан үчүн интернатта тарбияланган балдар-кыздар өзүнүн бир туугандарындай. Ал балдар үйү менен байланышты үзгүсү келбейт. Ал өзүнө окшош балдарга жардам берүүгө аракет кылып келет.
- Мен чоң үй-бүлө күтүп, таштанды балдарды тарбиялоого алгым келет. Балдар үйүндө тарбиялануучуларым, өзүм менен чогуу өскөндөр көп. Дем алыштарда жолугуп турабыз. Мен өзүмдүн жеке жашоомду ойлоп, ишкердик кылып же башка нерсе менен деле алектенип кетсем болмок. Бирок менин тагдырым балдар үйү менен байланыштуу. Мен бул балдарга турмушта ордун таап кетишине, татыктуу өмүр сүрүшүнө жардам бергим келет. Албетте, баарына жардам бере албайсың. Бирок өз жолун тапкан тарбиялануучуларымды көрүп мен сыймыктанам.
Дастан менен бирге өскөн балдардын тагдырлары ар кандай уланган. "Мен бактылуу адаммын, мен жолуман адашкан жокмун" дейт ал артта калган күндөрдү эстеп.