Ооганстандык Абдулла Германиядан баш паанек алуу үчүн бир жарым жыл мурун мекенинен чыгып кеткен. Муну менен ал үчүнчү жолу өз бактысын издеп, үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Мындан мурда ал төрт жыл Грецияда иштеп, тапкан акчасы эч нерсеге жетпей, келгенине өкүнүп, кайра Ооганстанга кайтууга аргасыз болгон. Экинчи жолу ал Түркияга жеткенде эле полицияга кармалып, бир жарым жыл камакта отуруп, кайра үйүнө кайтарылган.
Аты өзгөртүлгөн Абдулла, мекенинде тынч жашай албай калганын айтат. Ал дос-туугандарына карыз болуп калгандыктан, алар күндө карызын доолап, айласын түгөткөн.
«Айылыма барганда үйдөн чыга албай калгам» – деген Абдулла акыркы жолу да досторунан карызга 6 миң доллар алып, аны аткезчилик менен алектенген ортомчуга берген.
Ал Иран аркылуу Түркияга аябай кооптуу жолдор менен эки айда жеткен. Кийин эптеп түрк полициячыларынан качып отуруп Болгарияга өткөн. Абдулла достору менен бирге баш калаа Софиядагы батирде мыйзамсыз жашап, досунун интернет-кафесинде бир канча мезгил иштеген.
Ошентип Абдулла кийинчерээк баш паанек алууну көздөп жүргөн өзүнө окшогон качкындарга кеңеш берип, Европага жетүү жана полициядан качуунун жолдорун үйрөтчү. Көп өтпөй муну бизнеске айланткан. Ошентип ал адам аткечзилиги менен алектене баштайт.
Абдулла өзү ишин “баш паанек сурагандар үчүн акыга кеңеш берүү” деп атайт. Ал эми акчасы жок мигранттарга “кудай үчүн” деп бекер эле жардам берерин айтат.
Абдулла тескерисинче “качкындарды бир унаага тыгып акча тапкандарга” терс көз карашта экенин айтып, баягы “жүк ташуучу унаадагы 71 адамдын сөөгү тууралуу уктуңар да”, деп кошумчалады.
Ал өткөн айда Австрияда жүк ташуучу унаада 71 мигранттын сөөгү табылган окуя тууралуу айтып жатат. Анда алдын ала маалыматтарга ылайык унаанын ичинде тумчугуп өлгөндөрдүн арасында сириялык, оогандык, ирактык качкындар болгон. Бир ооган жана беш болгар жараны бул ишке байланыштуу шектүү адам катары кармалган.
Августтун орто ченинде болгон окуя Европа кабылып жаткан мирганттар кризисине дагы бир ирет көңүл бурган эле.
“Мен адамдарды Сербияга чейин жана анын тегерек-четине чейин эле жеткирем. Андан ары алып кеткен башка адамдар бар. Менин милдетим Сербияга чейин эле жеткирүү”,-дейт Абдулла.
Ал айтып жаткан маршрут качкындар Европага эң көп келген атактуу “балкан маршруту” деп аталат. Абдулланын айтуусунда, мигранттардан Түркиядан Болгария аркылуу Сербияга жетиш үчүн 450-560 доллар алышат. Бул аралык 300-400 чакырымды түзөт. Алардын көбү 10-15 адамдан турган туристтик топтор менен коштолот.
Абдулла качкындарды Сербиянын чек арасына чакан унаалар же таксилер менен жеткирген болгариялыктар бар экенин айтат.
“Агалар” - бул чек арадагы полициячылардын лакап аты.
“Алар менен тил табышууну билебиз. Полиция качкындарга чек арадан өткөнгө мүмкүнчүлүк беришет. Кээде ооган коштоочу чогуу барат", - дейт Абдулла.
Европа биримдигинин полиция агенттиги - Европолдун башчысы Роб Уэйнрайт Абдулла сыяктуу адам аткезчилиги менен алектенгендер бир эле агенттиктин эмес, бүтүндөй Евробиримдиктин көйгөйү деп билдирди. Ал Европадагы мыйзамсыз миграция менен алектенгендердин саны 30 миңге жакын экенин айтууда.
Чек араны көзмөлдөгөн ЕС Frontex агенттиги да мигранттардын мыйзамсыз аткезчилиги - адам сатуунун башка түрлөрү курал-жарак, жана маңзат контрабандасынан ашып өтүп, уюшкан кылмыштуу топтордун негизги акча тапчу булагына айланганын маалымдады.
Абдулланын айтуусунда, адам аткезчилиги менен алектенгендер бири- бири менен байланышта болушат, бирок эч кандай бирдиктүү команданын алдында иштешпейт. Ар бир аткезчи өз алдынча, бир топ адамдар менен иштейт, алар бири-бирине көз каранды эмес.
Каарманыбыз билдиргендей, бул бизнестин эки түрү бар. Биринчиси - чакан бизнес. Ал качкындарды мекенинен чыгарып, эки-үч өлкөнүн чек арасынан өткөнгө көмөктөшөт. Экинчиси - Ооганстан же Пакистандан бир нече өлкөнү аралап, эң соңку пункт делген Германияга чейин жеткирүү. Бул абдан чоң бизнес.
Качкындар алгач тең акчасын жергиликтүү аткезчиге берет, андан соң эки тарап атайын келишимге кол коюшат. Аткезчи мигранттарды Европанын белгилүү бир өлкөсүнө жеткирүүгө кепилдик алат.
Качкындар көздөгөн жерине жеткен соң үйүнө чалып, ал жактан аткезчиге калган акча жиберилет.
"Бул иште эч кимге кепилдик берилбейт. Биз качкындарга жолдон тамак-аш, суу тартыш болорун, ар кандай тобокелчиликтер бар экенин эскертебиз. Маселен, полициянын колуна түшүп же айрымдар өмүр менен кош айтышы да мүмкүн. Биз мунун бардыгын айтабыз. Алар деле түшүнүшөт, макул болушат", - дейт Абдулла.
Абдулла өз кардарларына жакшы көз салбай, өлүмгө чейин жеткирген аткезчилерди сынга алды. Анын пикиринде, бул жумуш менен алектенгендер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылыш керек.
Евробиримдиктин статистика кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жылы 42 миңдей оогандык Европа өлкөлөрүнөн баш калка сураган, ал эми сириялыктардын саны 122 миңден ашкан. Пакистандын 22 миңдей жараны кайрылган.
Быйылкы статистика боюнча, жалпы Евробиримдиктин тышкы чек арасынан өткөндөрдүн саны 500 миңден ашты. Алардын 460 миңи Жер ортолук деңизи аркылуу келгендер.
Ошентсе да Абдулла өз бизнеси начарлап жатканын айтып, көпчүлүк качкындарды Европага өткөрүүгө даяр экенин айтат.
"Качкындарды Сербиядан Венгрияга 100 еврого өткөргөн адамдар бар. Мурда 500 евро болчу. Азыр маршруттар жеңилдеп калды. Биз Сербиядан адамдарды кабыл ала беребиз. Достор жана байланыштар бар. Бирок качкындар өздөрү деле өтө алышат, анткени баары жеңилдеп калды. Силер өзүңөр көрүп атасыңар, качкындарга Венгриядан Германияга жетип алуу үчүн билеттер таркатылууда”-деген Абдулла айына канча адамды өткөрөрүн жашырганы менен, Ооганстандагы карыздарынан толук кутулганына кубанып жүрөт.