Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Керчте өзгөчө кырдаал жарыяланды


Керч шаарында аза күткөндөр, 17-октябрь 2018-жыл.
Керч шаарында аза күткөндөр, 17-октябрь 2018-жыл.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч шаарындагы коллежде орун алган ок атуу жана жардыруудан 20 киши каза тапкан. Шаршемби күнү түш оой колледжге кол салгандан кийин өз жанын кыйганы айтылган шектүүнүн тек-жайы аныкталды.

Политехникалык колледжде болгон каргаша Керч шаарынын тургундарын нес кылып койду. Алардын көбү окуу жайдын аймагына оюнчук, гүлчамбар алып келип, шам жагып, аза күтүп жатышат.

17-октябрда түш оой коллеждин имаратында болгон жарылуу жана ок атуудан каза тапкан 20 кишинин баарынын тек-жайы аныкталды. Алардын 15и студент, бешөө коллеждин кызматкерлери. Өмүрү кыйылган студенттердин арасында 18ге чыга элек алты өспүрүм бар. Жараат алган 70тей кишинин онунун абалы оор деп кабарланды.

Күбөлөр үрөй учурган окуяны 14 жыл мурда Беслан шаарында 330дан ашуун адамдын өмүрүн алган терактка салыштырып жатышат.

- Мен чыгып кеткенден туура беш-он мүнөт өткөндөн кийин бирөө кирип келип, баарын жардырды. Залдагы терезелер талкаланды. Анан алар ары-бери чуркап, жарылуучу баштыктарды ыргытып жатышты. Колундагы автоматы менен экинчи кабаттагы кабинеттерди ачып, кимди көрсө ошону өлтүрө башташты. Алардын баары биздикилер. Бул Беслан сыяктуу эле чыныгы террордук акт болду, - деп окуя болгон учурду сүрөттөдү коллеждин администрациясынын кызматкерлеринин бири.

Керчтеги жергиликтүү оорукана,18-октябрь 2018-жыл.
Керчтеги жергиликтүү оорукана,18-октябрь 2018-жыл.

Бирок Крымдагы бул окуя башында мүнөздөлгөндөй “Теракт” эмес, “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча иликтенип жатат. Орусиянын тергөө комитети Керчтеги кыргын салган адамды 18 жаштагы коллеждин төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков деп атады. Ал кол салуудан кийин бир бөлмөгө кирип, өзүн-өзү атып, өмүрүн кыйганы кабарланды.

Тергөөчүлөр жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү шектүү кол салууну өзү жалгыз уюштурганын, курал-жаракты өз алдынча эле сатып алганын билдирип жатышат. Алардын бири Крымдын Орусияга баш ийген жергиликтүү администрациясынын башчысы Сергей Аксёнов:

- Азыр бул жырткычты мындай кылмышка түрткөн себептерди аныктоо маанилүү. Ага бардыгы оң мүнөздөмө берип жатышат. Коллеждин директору ал эч качан жалпы чогулушка түшүп көрбөгөн студент болгонун айтты. Тынч бала болгон. Мурда-кийин маселе жаратпаптыр. Ал өз жанын кыйды. Сөөгүн өзүм көрдүм.

Керчтеги окуя болгон аймак, 17-октябрь 2018-жыл.
Керчтеги окуя болгон аймак, 17-октябрь 2018-жыл.

Бул окуядан кийин орус бийлиги Крымда өзгөчө кырдаал жарыялады. Ошондой эле Улуттук гвардиянын аскерлерин мектептерди жана Орусия менен Крымды байланыштырган 19 чакырымдык Керч көпүрөсүн кайтарууга жөнөттү.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги Москва аннексиялаган Крымдын Керч шаарындагы бул коллежде кароолчулар болбогонун кабарлап чыкты.

Айрым күбөлөр Керчтеги кандуу кол салууну эки адам уюштурганын, биринчиси мектептин тамактануучу жайында бомба жардырса, экинчиси ок атышы мүмкүндүгүн айтып жатышат. Бирок бийлик өкүлдөрү муну четке кагып, бир гана шектүү бар экенин белгилешүүдө. Алар кол салуудан кийин өз жанын кыйган студент Росляков жакында курал сатып алууга уруксат алганын, бомбаны өз колу менен жасашы мүмкүн экенин билдиришти.

АКШдан айырмаланып Украина менен Орусиядагы мектептерде мындай окуялар соңку мезгилдерге чейин сейрек көрүнүш катары саналып келген. Бирок быйыл 15-январда Орусиянын Пермь шаарында 16 жаштагы эки өспүрүм мектепке бычак менен кирип, мугалимге жана окуучуларга кол салган. Андан 15 адам жарадар болгон.

2017-жылдын сентябрь айында Москва облусуна караштуу Ивантеевка шаарындагы орто мектептердин биринде 9-класстын окуучусу ок чыгарып, төрт киши жарадар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG