Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

COVID-19 жана пневмония: чаташкан сандар


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын расмий саны 30 миңге жакындады. Ошол эле кезде чыныгы сан мындан бир нече эсе көп экенин айткандар бар.

Эпидемиологдордун эсебинде июнь айында эле COVID-19 илдети жуккандар 2 миллион адамга чукулдаган. Адистер өлкөдө коронавируска чалдыккандардын так санын билиш үчүн социалдык сурамжылоо жүргүзүүнү сунуштап жатышат. Саламаттык сактоо министрлиги азырынча COVID-19 лабораториядан аныкталган жана пневмония болгон адамдарды гана статистикага киргизүүдө.

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, бир сутка ичинде өпкөсү кагынгандарды (пневмония) кошкондо 1108 кишиден коронавирус табылды. Ооруканаларда COVID-19 вирусунан 44 адам каза болуп, дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, үйүнө чыкты.

Ошентип, Кыргызстанда COVID-19 илдети жуккандардын саны 30 миң кишиге чамалады. Булар коронавируска каршы тест тапшыргандан кийин илдет аныкталган жана пневмония болгон адамдар.

Медицина тармагындагы адистер коронавирус жугуп, бирок тест тапшыра электер, ооруп үйүндө өз алдынча дарыланып жаткандар жана оору жеңил өтүп вирус жукканын билбей жүргөндөр алда канча көп экенин айтып келишет.


Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактика борборунун вирусологу Зуридин Нурматовдун айтымында, эпидемиологдордун эсебинде Кыргызстанда июнь айына карата эле 2 миллионго жакын кишиге коронавирус жуккан.

«Биздин жалпы эсеп боюнча июнь айына карата 1 млн. 860 миң киши коронавируска чалдыккан. Бул жугузуп алгандар. Жугузуп алды деген ал ооруду дегенди билдирбейт. Себеби, дүйнө жүзүндө вирус жуккандардын үчтөн бири гана ооруп жатат. 70-80 пайызыныкы жеңил өтүүдө. Алар ооруканага жатпай эле тааныш дарыгерлеринен кеңеш алып, дарылануунун жолдорун сурап алышууда. Ошондуктан булар расмий статистикага кошулбай калат. Чын-чынына келгенде илдетке чалдыккандар көп. Ал эми оору оор өтүп жаткан 20 пайыз кишилер ооруканага түшүп, айрымдары каза болуп калууда».

Зуридин Нурматов июнь айына карата гана эсепти айтты. Расмий маалыматка караганда, июндун аягына чейин өлкөдө 5296 кишиден коронавирус табылган. Ал эми 1-июлдан 22-июлга чейинки эле расмий статистиканы карасак, вирус дагы 25 миңге жакын кишиден чыкты. Демек, вирусолог айткан сан андан бери бир топ эле көбөйдү.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус эпидемиясы башталган март айынан 22-июлга чейин республикалык штабдын маалыматы боюнча, коронавирус 29 359 адамга жукту, алардын ичинен 53,6 пайызы же 15 851и сакайды, 3,8 пайызы же болбосо 1123ү каза болду.

«Гансиде» уланган жана өчкөн өмүрлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:35 0:00


Саламаттык сактоо министрлиги менен республикалык штаб COVID-19 бар экени лабораториядан аныкталган жана пневмония болгон адамдардын эсебин чыгарып жатат.

Талдоочу Бакыт Жумагулов өлкөдөгү чыныгы абалды билиш үчүн социалдык сурамжылоо жүргүзүүнү сунуштады.

«Социологдордун сурамжылоосуна ылайык, Бишкектин 60-70 пайыз тургуну коронавирустун жеңил формасын башынан өткөргөн. Өкмөт COVID-19ду аныктоочу тесттердин тартыштыгын эске алып социалдык изилдөө жүргүзүшу керек. Эгерде атайын анкета иштеп чыгып сурамжылоо кылсак, чыныгы кырдаалды көрмөкпүз. Ушундай эле изилдөөлөрдү башка да облустарда өткөрсөк болот. Бул өкмөткө мындан ары ишти кандай нукта жүргүзүш керек, кайсы аймакка басым жасоо зарыл экенин аныктап бермек. Себеби, Бишкекте болгон окуя башка да аймактарда кайталанышы мүмкүн».

Социалдык өнүктүрүү институтунун директору, изилдөөчү Айжан Дооронбекова Кыргызстанда реалдуу статистиканы чыгаруу оор дейт.

«Бизде коронавируска каршы тесттен ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөндөр жана мүмкүнчүлүгү барлар гана жеке менчик лабораториялардан өтүп жатат. Ал эми өз алдынча дарыланып жаткандар, күндүзгү жана түнкү стационарларга келип дарылангандар статистикага кошулбай калууда. Муну баарыбыз эле түшүнүп турабыз да».

Стационар демекчи Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 21-июлга чейин күндүзгү дарылоо жайлары 62 326 адамды кабыл алды, анын ичинен 46 209у асма укол, 15 786ы медициналык кеңеш алып, 322 адам ооруканага жаткырылды.

15-июлдан 22-июлга чейин түнкү стационарларга 4 318 киши кайрылды. Анын ичинен 15и ооруканага жаткырылды.

Бул шаардык бийлик ачкан гана дарылоо жайларындагы маалымат. Ал эми ыктыярчылар, ишкерлер түзгөн стационарларда дарыланып жаткан жана сакайып чыккандардын саны белгисиз.


Ушул тапта денеси ысып, жөтөлүп жаткандардын көбү сасык тумоого каршы дары ичип, үй шартында дарыланышууда. Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев азыр сасык тумоонун сезону эмес экенин, алардын баары COVID-19 вирусу менен ооруп жатканын кайталап келет.

«Денеси ысып, оорунун белгилери пайда болгон адам инфекциянын жайылтуучусу экенин түшүнүшү керек. Азыр кимдин денеси ысып, оорунун белгилери байкалып жатса, ошол адамды коронавируска чалдыккан деп кабыл алуу зарыл. Себеби, азыр сасык тумоо жок, респиратордук вирустук инфекциянын сезону эмес».

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен көз жумган дарыгерлер боюнча да маалыматтар ар башка. Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык бөлүмүнүн башчысы Айгүл Бообекова «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде бул оорудан 29 медициналык кызматкер өлгөнүн айтты. Журналисттердин эсептөөсүндө, жалпысынан каза болгон медиктердин саны 50дөн ашты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG