Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

COVID-19: Ысык-Көлдө 12 адамдын анализи таза чыкты


Ысык-Көл облусу боюнча обсервацияга жаткырылган 55 адамдын 12синин анализи таза чыккандыгына байланыштуу алар обочолонгон жайдан чыгарылды. Калгандарынын анализи чыга элек. Бул тууралуу облустук штабдын 26-марттагы отурумунда айтылды. Маалыматка караганда обсервацияга жаткырылгандар – умрадан, дааваттан кайткандар жана чет мамлекеттерден келгендер.

Өкмөттүн Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүл Акылбек Осмоналиевдин айтымында, санитардык, карантиндик иш-чаралар облуста дагы күчөтүлөт.

«Облусубузга сырттан жалпы 105 адам келгени тастыкталды. Алардын ичинде ооруканага обсервацияга жаткырылган жана үй карантинге алынгандар бар. 30 күндүк өзгөчө кырдаал режимине ылайык, профилактикалык ишти күчөтүшүбүз керек. Биз жалпы, жаман нерсеге даярданып, жакшы нерсени күтүшүбүз керек», - деди А.Осмоналиев.

Кыргызстанда 21-марттан баштап жалпы өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Ысык-Көл облусу өзгөчө абалдагы аймакка кирбейт. Бул облуста жаңы коронавирус илдетине чалдыккан бир да киши катталган жок. (KS)

XS
SM
MD
LG