Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Президент "Керемет банкты" сатып алууга байланыштуу мыйзамга кол койду


Керемет банк.
Керемет банк.

Президент Садыр Жапаров "Керемет банкты" Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатып алууга байланыштуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Жогорку Кеңеш "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап, 14-февралда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин атынан Каржы министрлиги "Керемет банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 млрд 126 млн 432 миң сомго сатып алат.

Парламентте Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мындан алты жыл мурда "Керемет банкты" алуу туура эмес чечим болгонун белгилеген.

"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.

2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, “Керемет Банк” деген аталыш ыйгарылган.

Улуттук банктын жетекчисинин маалыматында, "Керемет Банк" 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктаган. 2021-жылды чыгашасыз жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG