Талкуу маалында банктын айланасындагы сотко чейин жеткен талаш-тартыштар, өкмөт банкты сатып алууга сарптай турган 7 миллиард сом тууралуу сөз болду.
Улуттук банк “Керемет Банктын” 97,45% акциясына 2018-жылдан бери ээлик кылып келе жаткан. Мурдагы жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында былтыр бир катар адамдар камалган.
Мыйзам долбооруна ылайык, Министрлер кабинетинин атынан Финансы министрлиги "Керемет банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан сатып алат. Парламентте Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мындан алты жыл мурун "Керемет банкты" алуу туура эмес чечим болгонун белгиледи. Ошондо эле адистер бир эле убакта көзөмөлдөп да, ээлик кылып да турса, кызыкчылыктар кагылышып каларын эскерткенин айтты. Бөкөнтаев соңку эки жыл ичинде банктын абалы өзгөргөнүнө токтолду:
"Негизи бул маселе, кызыкчылыктар кагылышы мындан алты жыл мурун, 2018-жылы башталган. Ошол жылы Улуттук банк "Керемет банктын" акцияларын алган. Ошондо эле маселени түшүнгөн адистер, депутаттар жана эл аралык уюмдар, анын ичинен Эл аралык валюта фондунун адистери көзөмөл кылган мекеме ошол тармактагы уюмду ээлигине алса, арты жаман болот деп айтышкан. Алар айткандай эле болуп чыкты. 2021-жылдын аягында Улуттук банкта кызматтык териштирүү жүргөн. Анын негизинде мыйзам бузуулар табылган. Ошондо Улуттук банк "Керемет банктагы" инвестициялардан 4,4 миллиард сом чыгаша тарткан. Биз материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бергенбиз. Чыгашаларга байланыштуу алар өздөрүнүн жумушун жүргүзгөн. Кылмыш иштерин ачкан, иштер сотко өткөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган маалыматтарга ылайык, өкүмдөр чыккан. Жоготууларга жол бергендер жоопко тартылган. Соңку эки жыл ичинде чоң иштер жүргүзүлдү. Биз "Керемет банкты" оңдодук. Мисалы, банк 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктаган. Ал эми 2021-жылды чыгашасы жок жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапты. Банкрот болот деген банкты биз жакшы деңгээлге алып келдик".
Башкы прокуратура 2022-жылдын аягында “Керемет Банкка” байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Анда "мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард сомдон ашуун каражат инвестиция катары банкка мыйзамсыз салынганы, натыйжада өлкө казынасы мындай операциядан 4,5 млрд сомдон ашык зыян тартканы" айтылган.
Көп өтпөй “Керемет банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев камалган. Андан сырткары УКМКнын Бишкек шаарындагы башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары кармалган.
2023-жылы февраль айында бул ишке байланыштуу Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мурдагы мүчөсү дагы колго түшкөн.
Бир айдан кийин, мартта атайын кызмат козголгон кылмыш иштин негизинде дагы төрт адам кармалганын, алар Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары, башкармалыктын мурдагы эки мүчөсү экенин билдирген. Алардын бири Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Нурбек Жеңиш экени айтылган.
Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев "Керемет банк" эмне үчүн түз сатыкка коюлбаганын түшүндүрдү. Банктын айланасындагы талаш-тартыштар, соттошуулардан улам акниет аларман чыкпасын айтты:
"Бул банктын тегерегинде кылмыш иштери, сот иштери көп. Ошондуктан сатыкка чыгарсак деле жакшы баа коё албайбыз. Банкты баалап, баасын бычкан күндө дагы, акниет инвестор буга кызыкпайт. Финансылык авантюристтер келиши мүмкүн. Биз Министрлер кабинетине берүү тууралуу макулдашып жатабыз".
"Керемет банкты" өкмөт 7 миллиард сомго сатып алганы жатат. Парламентте ушул каражатка байланыштуу маселе көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев бир катар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө акча тартыш болуп жаткан чакта банк сатып алууга чоң суммадагы каражат коротуп жатканын сынга алды:
"Улуттук банк "Керемет банктан" кутулушу керектигин колдойм. Мен Министрлер кабинетине суроо бергим келет. Силер 7 миллиард сомду кайдан тапканы жатасыңар? Биз ушул жерде мектептердеги балдардын тамагына жетиштүү каражат таппай жатабыз. Ошол акчаны азайтуу керек дегенге чейин жетип жатабыз. Мисалы, мага мамлекеттик мекемелердин биринде пол жууп иштеген, жети миң сом айлык алган аял кайрылып, качан маянабызды көтөрөт деп сурап жатат. Мен ага "акча жок" деп жоп беришим керекпи? Окуу китептерине акча жетпей жатат. Тез жардам машиналарына акча жетпейт. Айлыктын аздыгынан ал жакта жумуш орундар бош турат. Ушул сыяктуу көп нерселерге акча таппай жатсак, силер дароо 7 миллиард сомго банк сатып алганы жатасыңар".
Бекешевдин сөзүн депутат Улугбек Ормонов дагы колдоп чыкты. Ал мындан улам банкты өкмөткө сатууга каршы экенин билдирди:
"Бюджетти караганда керек нерселерге тыйын жок дейбиз дагы, азыр 7 миллиардды табабыз деп жатабыз. Бул азыр жок акча. Банк сатып алууга 7 миллиард сом төлөп, керектүү дивиденддердин эсебинен керектүү объектилерди курууга акча бөлүп беребиз деп финансы министринин орун басары бизге азыр жомок айтып жатат. Мен Министрлер кабинетинин ушул банкты сатып алышына караманча каршымын. Азыр мамлекеттик эки банкыбыз бар, жакында эле дагы бир банк түздүк. Азыр муну дагы алып, кыйратабыз, иштетебиз деп жатканы туура эмес. Бул банкты сатыкка коюп, сатып, кеткен чыгымдарды толукташ керек. Мен билгенден, бул банкты алабыз дегендер көп эле болгон. Бизде 7 миллиард сом ушундай эле ашыкча болуп жатса, социалдык маселелерди чечүүгө жумшоону ойлонсун. "
Депутаттын бул суроосуна финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев жооп берип жатып, өкмөт кошумча каржы булактарын табат деп ишендиргенге аракет кылды:
"2024-жылдын бюджетинде бул акча карала элек. Азыр сиздер концепциясын кабыл алып берсеңиздер, Финансы министрлиги каржы булактарын тактайт. Баса белгилеп кетчү нерсе, чыгашалар кыскарбайт. Кошумча киреше булактары табылат. Бул жерде биз актив сатып алып жатабыз. Бул күчтүү банк. Активдери дагы чоңоюп, дивиденддер түшөт. Ошол акчаларды сиз айткан социалдык маселелерди чечүүгө бурабыз".
Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен биринчи окууда колдоду. Эми айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен дагы талкууга чыгарылат.
"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн. 2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, аталышы “Керемет Банк” болуп калган.
Былтыр мартта президент Садыр Жапаров Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловду Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан чакыртып алган.
Ал Улуттук банкты 2014-жылдан 2021-жылга чейин жетектеген. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.
Абдыгуловдун кызматтан алынышын "Керемет банк" боюнча козголгон кылмыш иштери менен байланыштыргандар болгон. Ал учурда чет мамлекетте жүрөт. Өзү тууралуу айтылган маалыматтарга комментарий берген эмес.