Кытайда ушул айда жаңы жылдык фестивалдар өтүп жатат. Ай наамасына ылайык, февралдан үчүнө караган түнү башталган жаңы койон жылы Кытайда мышык жылы катары да майрамдалып, ал бейпил, тынч жашоо алып келет деп саналат. Үрүмчүдө орус тилинен мугалим болуп иштеген Нуржамал Искендер кызы кышкы дем алууда Бишкекке келгенде, аны менен телефондон Жаңыл Жусупжан байланышып, Кытайдагы жаңы жылдын каада-салттарын сураштырды.