Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:55

“Чет элдик тыңчы деген макам берилет”. Талаштуу мыйзам экинчи окуудан өттү


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Бул бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачат. 

"Жарандык коомго каршы мыйзам"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев документтеги “бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү саясатка аралашпашы керек” деген жобо жарандык коомго каршы курал катары колдонулат деп сындады.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Президенттик администрация колдоп жаткандан кийин, алар эле жазып берген. Ачык эле сүйлөшөлү, бул мыйзам ошол жактан келди. Эртең эле бул мыйзам долбоору курал катары колдонулат. Бул өтө терс таасирин тийгизет. Бейөкмөт уюмдар, мүмкүн, жабылбайт, бирок бир топ жарандар жумушсуз калат”, - деди Бекешев.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын сөзүн четке кагып, бирок Президенттик администрация мыйзам долбоорун толук колдой турганын билдирди.

“Депутатка мындай жаз деп айта албайбыз, депутаттын өзүнүн укугу бар”, - деди Абытов.

"Чет өлкөлүк өкүл - чет элдик тыңчы"

Демилгечи депутат Надира Нарматованын түшүндүргөнүнө караганда, өлкөдөгү бардык коммерциялык эмес уюмдар атайын реестрге катталып, жылына көз карандысыз аудиттен өтүшү керек. Текшерүүдө каржылык же уставына дал келбеген мыйзам бузуу табылса, сот аркылуу “чет элдик өкүл” деген макам тагылат.

"Кадимки кылмышкердин күнөөсү аныкталгандай эле, "чет өлкөлүк өкүлгө" ылайыктуу деген адамга карата тиешелүү материалдар чогултулат. Ал макала жазабы, иш чара өткөзөбү, "чет өлкөлүк өкүл" деген наамын ачык көрсөтүшү керек. Негизи "чет өлкөлүк агент" болуп эсептелет, болгону одоно угулбасын деп "чет өлкөлүк өкүл" дегенди киргиздик", - деди Нарматова.

Башкача айтканда, Орусиядагыдай “тыңчы” макамы киргизилет. Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, бейөкмөт уюмдун өкүлү мыйзам бузган учурда үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Башта жазаны беш жылдан он жылга чейин деп сунуш кылышкан.

Депутат Гуля Кожокулова бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эрежелери түшүнүксүз, бул жөн гана алардын ишин чектөө, катаал чараларды колдонуу аракети деди.

Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

"Бизде ансыз деле катаал мыйзамдар бар. Болгону аларды туура пайдаланыш керек. Кесиптешим Нарматова Социалдык фондго акча төкпөйт деп мисал кылып жатат. Ага ким күнөөлүү? Ошол эле Социалдык фонд, толук текшере албаган прокуратуранын күнөөсү бар. Аларда укуктар болгон. Чет өлкөдөн келген акчалар боюнча Финансылык чалгындоо кызматы, Улуттук банк жана башка банктардан маалымат алса болот. Реестрге катташ керек десек, Юстиция министрлигинде бардык маалымат ачык турат. Баары каралган, жөн эле ашыкча нерсе киргизип жатабыз. Кылмыш жоопкерчилигин эмне үчүн киргизип жатабыз? Биринчи окууда Жогорку Сот, Башкы прокуратура жана укук коргоо органдары позициясы башкача болчу. Азыр аларга басым болгону түшүнүктүү”, - деди депутат.

Өткөн жылдын ноябрь айында өткөн Элдик курултайда президент Cадыр Жапаров бул мыйзам долбоорун колдой турганын, өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар түшкөн каражаты тууралуу отчёт тапшырбай, социалдык төлөмдөрү тууралуу милдеттемелерин аткарбай келгенин айткан.

Президенттин сөзүнөн кийин бир нече өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле мамлекеттик органдарга ишинин ийне-жиби, каражатынын тыйынына чейин отчёт тапшырарын айтып чыгышкан. Алар бул мыйзам долбоору бийликтин кемчилигин айткан укук коргоочуларга дагы колдонулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Ошентип, коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде экинчи окууда кабыл алынды. Эми долбоор эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу

Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет. “Адилет” укуктук клиникасы документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 95% окшош экенин аныктаган.

Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Евробиримдик баштаган эл аралык уюмдар мыйзам кабыл алынса, өлкөдө адам укугуна, сөз эркиндигине эле эмес, экономикага да кесепети тиерин эскертип жатышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG