Чернобыль атомдук станцияснын зонасындагы өрткө байланышкан абал кескин начарлап кетти. Расмий маалыматка караганда, 3,5 миң гектар жер күйүп жатат. Тилсиз жоого каршы күрөшкө 300дөй өрт өчүрүүчү, авиация, атайын техника тартылды.
Эколог-эксперттердин айтымында, өрт 1986-жылы дүйнөдөгү эң ири атомдук кырсыкка учураган станциядагы радиоактивдүү чаңды сапырышы ыктымал. Муну менен ага жакын жерде жашагандар, ал түгүл баш калаа Киевдин тургундары коркунучка кабылат.
Өрттүн алгачкы күндөрүндө радиациянын деңгээли 16,5 эсе өскөн. Бирок мындан 34 жыл мурун болгон кырсыктан кийин ээн калган зонаны башкарган мамлекеттик мекеме кийин радиация деңгээли калыбына келгенин маалымдаган.
13-апрелде Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы Киев облусунда радиациянын деңгээли «нормадан ашпаганын», станциянын айланасындагы тилкеде «өзгөрүүлөр жок» экенин билдирди. Бирок «Гринпис - Орусия» уюму өрт украин бийлиги айткандан алда канча чоң аймакты чалган, радиациянын коркунучу жогору деп эсептейт.
«Өрттүн радиациялык кооптуу объектиге жакындашы, албетте, ар дайым опурталдуу кырдаалды түзөт. Жаан-чачын өрттү өчүрүүгө жардам берет деп үмүттөнөлү. Бирок өрт реакторго же башка кооптуу радиациялык материалдар сакталган жайга жакындаса, албетте, коркунуч жаралбай койбойт», - дейт уюмдун өкүлү Рашид Алимов.
АКШнын космос агенттиги - НАСА сателлиттен тарткан сүрөттөрдө өрт Припять шаарынын жака-белине, атомдук станцияга жакындаганы көрүнүп турат.
Чернобылдын айланасында ээн калган аймакты башкаруу боюнча мамлекеттик мекеменин коомдук кеңешинин мүчөсү Ярослав Емельяненко өтө опурталдуу абал түзүлгөнүн, жергиликтүү бийлик «бардыгы жайында» деп ырастап келатканы менен өрт улам бир чөлкөмдү каптап баратканын «Интерфакс» агенттигине билдирди. Анын айтымында, өрт радиоактивдүү калдыктар сакталган жайларга 2 чакырымдай жакындады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын басма сөз катчысы Ольга Козак «абал өтө олуттуу, бирок көзөмөлдө» деп ДПА маалымат агенттигине билдирди.
Кандай болгон күндө да айлана-чөйрөнү коргоочулар өрт чалган жерлерде радионуклиддердин абадагы концентрациясы жогору болгонун белгилешет.
«Радионуклиддер токойлордо, бак-дарактарда сакталып калат. Бактар күйгөндө түтүн, башка заттар менен кошо радионуклиддер шамал менен учуп тарайт. Мисал катары Цезий-137 затын айтса болот», - деди алардын бири.
Мындай абал биринчи кезекте өрт өчүрүүчүлөргө коркунуч келтирүүдө. Алардын ишин кургак аба ырайы менен шамал татаалдаштырды.
Ал арада украин полициясы шейшембиде өрткө себепчи болгон деген шек менен экинчи адам кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, жакын жердеги айылдын 37 жаштагы тургуну үйүнүн жанында таштанды өрттөгөн. Андан кийин ысык күлдү айылдын сыртына алып барып төккөн. Натыйжада ошол жердеги кургак чөп күйө баштаган, бирок ал адам бул тууралуу өрт өчүрүү кызматына кабарлаган эмес, өзү аракет кылып, өчүрө албай койгон.
Буга чейин 4-апрелде башталган өрткө байланыштуу 27 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган жана ал каралбай калган ферманын жанындагы чөпкө атайлап өрт койгону кабарланган.
1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жаап-жашырып, кийин апааттын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча кырсыкта 9 миңдей киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.