Финляндия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө катары сегизинчи ирет таанылды. Адистер мунун негизги себептери деп табият менен таттуу мамилени жана күчтүү социалдык камсыздоо системасын аташты.
Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен даярдалган быйылкы "Дүйнөлүк бактылуулук" баяндамасынын корутундусунда Финляндиядан кийинки орундарга үч Скандинавия өлкөсү жайгашты. Ошондой эле Латын Америкасынын Коста-Рика жана Мексика өлкөлөрү биринчи жолу алдыңкы ондукка кирди. Эксперттердин айтымында, бул эки өлкөнүн рейтингинин жогорулашына үй-бүлөлүк байланыштардын бекемдиги чоң таасир эткен.
Ал эми Британия менен АКШнын көрсөткүчтөрү төмөндөп, 23- жана 24-орундарга түштү. Бул Америка үчүн тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Кыргызстан 147 мамлекеттин арасынан 75-орунду ээлеген. Ал эми тизменин эң акыркы саптарында Ливан, Сьерра-Леоне жана Ооганстан турат.
Изилдөөнүн жүрүшүндө бейтааныш адамдардын боорукерлиги мурда ойлонгондон эки эсе жогору экени аныкталды. Бул ишеним деңгээлин аныктоо үчүн эксперимент жүргүзүлүп, адамдар атайылап жоготкон капчыктар канча жолу кайтарылганы текшерилди. Натыйжада, капчыктарды кайтарып берүү көрсөткүчү күтүлгөндөн эки эсе жогору болгон.
Андан тышкары баяндамада белгиленгендей, үй-бүлөнүн же бир үйдө жашаган адамдардын саны бактылуулук деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизген. Айрыкча, Мексикада жана Европада бир үйдө 4-5 адам чогуу жашаган үй-бүлөлөр эң бактылуу деген деңгээлге чыккан.
Шерине