Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Коневдин эстелиги Москва менен Праганы тирештирди


Прагадагы маршал Иван Коневдин эстелиги. 1980-жылы орнотулган.
Прагадагы маршал Иван Коневдин эстелиги. 1980-жылы орнотулган.

Чехиянын борборундагы Прага-6 районунун жетекчилиги Советтер Союзунун маршалы Иван Коневдин Интербригада аянтында турган эстелигин музейге көчүрүүнү чечти.

Орусиянын Чехиядагы элчилиги муну кескин айыптаган билдирүү таратты.

Конев Экинчи дүйнөлүк согушта Чехословакияны нацисттерден куткарган Кызыл Армиянын аскердик бөлүгүн жетектеген. Бирок «медалдын экинчи бети да бар» демекчи, маршалдын 1945-жылдан кийинки Европадагы аракеттери ар түрдүү талданып-бааланып келет.

Анын Прагадагы эстелиги орнотулгандан бери эле коомчулук арасында талаш-тартыш жаралган. Кийинки жылдары айкелди бүлүндүрүүгө бир канча жолу аракет кылгандар болгон.

Прага-6 райондук кеңеши 12-сентябрда советтик маршал Иван Коневдин эстелигине байланышкан жагдайды дээрлик алты саат талкуулады. Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештин депутаттары айкелди аянттан музейге көчүрүү тууралуу райондун акиминин сунушун колдошту.

Райкеңештин чечимине ылайык, эми бул эстеликтин ордуна Экинчи дүйнөлүк согушта Праганы нацисттерден бошоткондордун урматына арналган атайын мемориал коюлмакчы.

Былтыр Прага-6 районунун акими Ондржей Коларждын демилгеси менен Коневдин эстелигинин жанына чех, орус жана англис тилдеринде жазылган атайын такта орнотулган. Анда маршал 1956-жылы Венгриядагы козголоңду басканы, 1961-жылы Берлин дубалын куруу менен аяктаган окуяга кызуу аралашканы жазылган. Ошондой эле, 1968-жылы тарыхта «Прага жазы» деген ат менен таанылган окуяда Чехословакияга аскер киргизүү демилгесинин артында турган деп белгиленген.

Прага-6 районунун акими Ондржей Коларждын айтымында, Коневдин согуштан кийинки талаштуу аракеттерине күбө болгон адамдардын көзү тирүү.

«Конев Чехословакияга жашыруун советтик полицияны алып келген. Алар 1945-жылдан кийин ушул райондо адамдарды камакка алышкан. Бул жерде ошонун баарын көрүп-билген адамдар дагы эле бар», - деди ал.

Маршал Иван Конев 1945-жылы №1 украиналык фронтту башкарган. Анын жоокерлери Берлинге чабуул уюштурган жана Чехословакияны нацисттерден бошотууга катышкан.

Чехиянын президенти Милош Земан болсо Коневдин эстелиги аянтта калтырылышын колдоп чыккан. Ал Москвага ыктаган саясатчы экени белгилүү.

Прагадагы тарыхчы Ондржей Матейка айкелдин айланасындагы окуяларды саясат менен байланыштырды:

«Мунун баары Путин башкарган Орусия тууралуу талкууга байланыштуу. Менимче, чех коомчулугунун басымдуу бөлүгү ал тууралуу терс пикирде. Маселен «эгер мен Путин жетектеген Орусияга, Путинге каршы болсом, демек анда мен Советтер Союзун да сындашым керек» деген көз караш көпчүлүк чехтерге кадыресе эле көрүнүш. Бирок ошол эле учурда коомчулуктан айырмаланып биздин президент Орусиянын президенти Владимир Путинге ыктаганы, аны жактаган саясат жүргүзгөнү балким чет өлкөлөрдү таң калттырбаса деле керек».

Советтик армиянынын бараандуу жетекчисинин Прагадагы эстелиги 1980-жылы орнотулган жана ошондон бери эле талаш-талкуудан арылбай келет. Акыркы жылдары бир канча ирет айкелди бүлүндүрүү аракети болду. Белгисиз адамдар ага сыр чачып, «канкор маршал» деп да жазып кетишкен. Ушундан улам шаардын жетекчилиги аны көздөн далдоо ороп-чулгап койгон учурлары да болгон.

Орусиядагы алдыңкы маалымат каражаттарынын дээрлик баары Прагадагы Иван Коневдин эстелигинин айланасындагы окуялар тууралуу сөз кылышты. Анда эстеликти аянттан музейге көчүрүү боюнча чечим сынга алынды.

Чехиядагы орус элчилиги да райондук кеңештин чечимин айыптаган билдирүү таратты. Анда: «Бул чечим күтүүсүз деле болгон жок. Анткени мемориалдын айланасындагы өнөктүктү райондук бийлик уюштурган. Алар Чехословакияны жана анын борборун нацисттерден бошоткон Кызыл Армиянын жоокерлерин, алардын арасында чехтер менен словактардын эстелигин кемсинтүүнүн демилгечиси болгон. Бул кырдаалга ошолор гана жооптуу», деп айтылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG