Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалып турганын кабарлаган.
"Тажик тарап 28-апрелде “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган, бул ок мергенчи мылтыгынан чыкканы божомолдонууда.
Окуядан көп өтпөй Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек ара кызматкерлери менен эки тараптуу жолугушуу өттү. Анда кыргыз тарап видео камераларды алып салууну талап кылып бирок тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.
Натыйжада “Головной” тилкесине жакын жашаган Кыргызстандын тургундары видео көзөмөл коюлган электр мамыларын араалап, эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты.
Болжол менен 100-150дөй киши бири-бирине таш ыргытып, чыккан чырды чек ара аскерлери басууга аракет кылды", - деп жазылган Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
17-апрелде да ушул эле Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыккан. Анда суу бөлүштүрүүчү жайда ремонт иштерин жүргүзүү аракетине тажик тараптан 30дай адам тоскоолдук жаратып, иш токтогон.
Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.
"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы 60-жылдары Кыргыз ССРинин суранычы менен курулган.
Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.
Расмий маалыматта чек арадагы чырга чейин эртең менен саат 11:30да Баткен жана Согд облустарынын башчылары "Кызыл-Бел" жана "Гулистон" чек ара көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап аймакта жолугушканы жазылган.
Ага Кыргызстандан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода баштаган делегацияда Баткен, Лейлек райондорунун, Согди облусу жана Исфара райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, эки тараптын кадастр ишканасы, суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери барган.
Сүйлөшүүдө бир катар маселелерди биргеликте чечүү макулдашылган.
"28-апрелде Баткен жана Исфара райондорунун акимдери "Ак-Суу" дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (“Головной” тилкеси) айланасындагы маселелерди чечүү үчүн облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Баткен менен Согди облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тарап орноткон видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер орун алып, жарандардын таш ыргытуусуна чейин жетип, чыр чатак чыккан", - деп кабарлады облустук администрациянын басма сөз кызматы.
Баткен облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Баткен, Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатканын, кырдаалды Баткен жана Согд облустарынын башчылары көзөмөлдөп турганын кабарлаган.