Кыргызстан да, Тажикстан да ортодогу чек ара маселесин күч менен эч убакта чече албайт. Мындай пикирин 10-майда «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди:
«Бул жерде аймактык талаш-тартыш бар. Муну бир гана дипломатиялык жол менен чечиш керек. Тажикстан түрк тилдүү элдин арасында турат, жалгыз эле Тажикстан биерде. Эң биринчи союздашы – Иран, алардын маданияты да, тили да бир. Бирок Иран менен мамилеси түп-тамырынан бузулган. Бүгүнкү күндө булар түрк тилдүү элдин арасында жалгыз. Кошуналар ачык айтпаса да ичинде нааразычылык бар. Тажик туугандар муну да эске алып коюшу керек. Дипломатиялык гана жол. Башка жол тажиктерде жок. Потенциалдуу конфликт бар, аны жок деген эч ким жок. Муну согуш жолу менен, күч менен эч ким ала албайт. Чек ара маселесин бир да тарап күч менен чече албайт».
28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды.
Эки өлкө тең бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгоду.
10-майда, президент Садыр Жапаров Орусиянын башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Мындай маалымат президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, өлкө башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кырдаалды талкуулашкан.
Путин чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Садыр Жапаров ушул айдын этегинде Москвага иш сапар менен барары белгилүү болду. Анда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот. Ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлө турганы айтылды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 10-майдагы жыйынында депутаттар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга мамилесин сөз кылышты.
Жыйында КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишимдердин бири талкууланып жатканда айрым депутаттар ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон чек ара чыры чыкканда реакция кылбаганын сынга алышты.
Алардын бири, депутат Айбек Осмонов уюмга мүчө болуунун зарылчылыгы канчалык экени тууралуу суроо койду:
«ЖККУ адилеттүү карап койгон жок бир мамлекет экинчи мамлекетке ачыктан ачык кол салып жатса. Ушуга биз кандай сунуш, реакция кыла алабыз же унчукпай отуруп кала беребизби? Анда биз эмнеге кирдик ЖККУга? Негизи адилетсиздик кылган ушундай уюмга кошулуунун кереги деле жок деп эсептейм».
ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.
28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болду.
Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.
Ошто Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны аяктады. 10-майда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушуу 5-9-май күндөрү Ош шаарында өттү, жыйынтыгында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын иш топторунун протоколу кабыл алынды.
Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү макулдашылды. Маалыматта "Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү" деп айтылды. Бирок кол коюлган протокол жана анын мазмуну тууралуу маалымат берилген жок.