Кыргызстандын Баткен облусунда Тажикстандын аткылоосунан оор жараат алган 49 киши Бишкектеги ооруканаларга которулду.
Анын үчөөнүн абалы өтө оор. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 1-майдагы брифингде билдиргендей, алар октон жаракат алышкан, мээлери чайкалган, дене мүчөлөрү сынган.
Солтонбекова Баткендин Лейлек районуна барчу автожол тосулуп калгандыктан, ал жакка машине менен гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты. Жүктү учак менен жеткирүү гана мүмкүн экенин кошумчалады.
Маалыматка караганда, учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Баткенде жүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун саны расмий 33 адамга жетти, алардын арасында жаш бала бар. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Каза болгон мекендештердин жана аскер кызматкерлеринин тизмеси төмөндө.
Аскерлер:
1. Эсентур Кубанычбеков, аскер, 1991-жылы туулган
2. Бекзат Юлдашев, аскер, 1991-жылы туулган
3. Нурсултан Манасбек уулу, аскер, 1992-жылы туулган
Алар Мекенди коргоп жатып каза болушту.
Баткен облусунун жашоочулары:
1. Махамадрасул Сайдаров, 1985-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
2. Мадина Рахматжанова, 2008-жылы туулган, Кулунду айылынын тургуну;
3. Баяман Абдрахманов, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
4. Сагын Каратаев, 1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;
5. Сүйүн Тагаев, 1969-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
6. Алтынбек Каработоев, 1982-жылы туулган, Кадамжай шаарынын тургуну;
7. Рашид Үсөн уулу, 1973-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
8. Жамшит Ганиев, 1990-жылы туулган, Чет-Булак айылынын тургуну;
9. Дастан Нурумбаев, 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын жашоочусу;
10. Мидин Махмадали уулу, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
11. Уланбек Мусаев, 1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
12. Чыңгыз Темирбаев, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
13. Салим Бактияров, 1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну;
14. Тынчтыкбек Эргешали уулу, 1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
15. Турдубай Саттаров, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
16. Медербек Камчиев, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;
17. Жаркынбек Аманов, 1988-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
18. Мурзабек Абдурахманов, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;
19. Султанбек Абдывахап уулу, 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;
20. Өмүрбек Бахридем уулу, 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;
21. Мооланбек Тажибаев, 1990-жылы туулган, Жаңы-Жер айылынын тургуну;
22. Алижан Тагайбаев, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
23. Доолатбек Жигитали уулу, 1998-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;
24. Тойчубек Исманов, 1958-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;
25. Шухратбек Зикиров, 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну;
26. Шумкарбек Арыпбай уулу;
27. Аманидин Асанов, 1972-жылы туулган.
Солтонбекованын айтымында, калгандарынын өздүгү тактала элек.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арада ок атышпоо тууралуу макулдашканын «туура кадам» деп баалады. Бул тууралуу ЕККУнун баш катчысы Хельга Шмид «Твиттердеги» баракчасына жазды.
“Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кооптуу болуп, адамдардын өмүрү кыйылганы трагедия. Ок атышпоо тууралуу кечээги макулдашуу туура кадам. Мен ЕККУнун алдындагы милдеттемелерди так аткарууга жана такай сүйлөшүүлөр аркылуу кырдаалды жөнгө салууга чакырам”.
30-апрелдин кечинде Тажикстан Ош-Исфана жолуна кетчү көчөнү ачып, Кызыл-Белге кирген аскерлерин чыгарып кеткен. Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө бөлүгү ачылып, каттам калыбына келген.
Ошондой эле Тажикстандын негизги бөлүгүн Ворух анклавы менен байланыштырган Исфара-Ворух жолу да ачылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргыз-тажик чек арасында 1-майдын саат 11:30уна карата абалды салыштырмалуу чыңалган деп баалады.
Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы тажик аскерлеринин аткылоосунан жаракат алгандардын саны 163 кишиге жетти. 33 киши каза болду.
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова 1-майдагы брифингде билдирди. Ал жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, медкызматкерлер иштеп жатканын кошумчалады.
УКМКнын маалыматына караганда, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды. Баткен облусунун Лейлек районунун Арка аймагында тажик аскерлери Кыргызстандын жарандарынын турак жайларын көздөй ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган. Чек ара кызматы коргонуу позицияларын ээлешти.
Тажикстандын расмий бийлиги комментарий бере элек.