"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаровдун саат 18:30да берген маалыматы:
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал чыңалган бойдон турат. Жарым саат мурда эле Тажикстандын Исфара айылы менен чектеш Кызыл-Бел айылында кайрадан ок атуу болуп жатканы тууралуу маалымат келди. Жергиликтүү тургундар жеринен соцтармактарга видео, аудиолорду жүктөп жатышат.
Бул бүгүн эртең менен коңшулаш эки өлкөнүн чектеш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери, күч кызматтарынын башчылары, андан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен анын Тажикстандагы кесиптеши Саймумин Ятимовдун жолугушуусунда жетишилген макулдашуу ишке ашпай жатканынан кабар берет. Анда эки тарап тең ок атышууну токтотуу тууралуу протоколго кол коюп, чек аралаш аймактардан Тажикстандын аскерлери жана жарандары толук чыгып кетмей болгон.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү.
Өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тезинен жөнгө салуу чараларын талкуулашты.
Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде туруктуу кырдаалды сактоого даяр экендигин белгиледи.
Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, ушул жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда Баткенде болот.
Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти. Бул тууралуу 30-апрелде саат 18де "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.
Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 12и каза болгонун билдирүүдө.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка тынчсыздануусун билдирди. Ал чек ара маселелерин чечүүдө күч колдонуу ыкмаларын колдонууга жол берилбестигин жана мындай окуялардын алдын алууга зарыл механизмдерди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгилейт.
“Деструктивдүү күчтөр кооптонууну жаратат, алардын аракеттери мыйзамга ылайык эки тараптан тең катуу кысымга алынышы керек. Анткени мындай кырдаалдын кесепети бүтүндөй регион үчүн закаласын тийгизет. Ушундан улам, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутууга түрткү берген чагымчыл аракеттерге берилбөөгө, токтоолукту сактоого чакырыктары абдан маанилүү”, -деп жазылган билдирүүдө.