Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33
Карамык айылы, Чоң-Алай.
Карамык айылы, Чоң-Алай.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал

  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
  • Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
  • Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тараткан маалыматка жооп берди. Анда тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканы айтылат.

  • Кыргыз-тажик чек арасындагы эки тараптын куралдуу жаңжалы 28-апрелде "Головной" суу сактагычына тажик тараптын камера орнотуу аракетинен башталып, 29-30-апрелде да ок атышуу токтогон эмес.
  • 29-апрелде Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолгон.

  • 1-майда кечке жуук эки тараптын расмий органдары тынчтык келишимине жетишкен.
  • Кыргыз айылдарынан эвакуация болгондордун саны 58 миңден ашкан.
  • Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 180ден ашуун киши жараат алып, 36 адам каза тапкан.
  • Ал эми тажик өкмөтү 5-майда гана 10 жараны, 6-майда 19 жараны каза тапканын, 87 киши жараат алганын расмий билдирген.
  • Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылган.
  • Кыргызстан 1-2-майда чек арада каза тапкандарга аза күткөн.
  • 5-6-майда Кыргызстандын жана Тажикстандын расмий бийлиги чек араны чечүүгө байланыштуу макулдашууну жарыялашкан.
06:01 30.4.2021

Лейлек: Ок атышуу уланып, айылдарда үй-жайлар өрттөндү

Исфана шаарына эвакуацияланган тургундар келип жатышат, 29-апрель, 2021-жыл
Исфана шаарына эвакуацияланган тургундар келип жатышат, 29-апрель, 2021-жыл

Баткен облусунун Лейлек районунда 30-апрелде таңга маал Кызыл-Бел, Кулунду айылы тарапта дагы деле ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургундар "Азаттыкка" кабарлашты. Түнкүсүн Лейлек районунун Арка, Жаштык, Максат жана Эски Оочу айылдарында ок атылганы токтоп, бирок турак үйлөр өрттөнүп жатканын жашоочулар маалымдашты.

Бул айылдарды 29-апрелдин кечинде Тажикстандын аскерлери оор техника менен аткылап, тургундар жакынкы айылдарга качып чыгышкан. Облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова Лейлек районунда милиция күчөтүлгөн тартипте кызматта турганын, турак-жай өрттөнүп жатканын "Азаттыка" бышыктады. Жаштык айылында май куйган жай, Максат айылында чек ара тозоту жана ондон ашык үй өрттөлгөнүн тургундар билдиришти.

Лейлек районунда кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталганын 29-апрелде саат 18:50дө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирген. Ал атышуу Кулунду жана Максат айылдарында болуп жатканын белгилеген. Андан бир аз мурдараак Баткен районунун Көк-Таш жана Самаркандек айылдарынын үстүндө Тажикстандын тик учактары байкалганы кабарланган.

04:16 30.4.2021

Лейлектеги кырдаал: Жаңжал болуп аткан аймактан тургундар коопсуз жерлерге чыгарылды

Тажикстандын Согди облусу менен чектешкен кыргыз айылдарынын 2000-3000дей тургуну убактылуу үй-жайын таштап, Лейлек районунун борбору Исфана шаарына, Катраң, Өзгөрүш, Коргон, Тайлан айылдарына эвакуацияланды. Райондук социалдык камсыздоо кызматынын өкүлдөрү жергиликтүү ыктыярчылар менен бирге жаңжал чыккан айылдардын тургундарын убактылуу жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө. «Азаттыктын» ишенимдүү булагы жеринен билдиргендей, жүздөгөн киши Исфанадагы мектеп-гимназияга, ошондой эле шаардагы тааныштарынын, туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды.

Жергиликтүү ишкерлер менен карапайым адамдар жаңжалдан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулта баштады.

03:57 30.4.2021

Тажик жана кыргыз өкмөттөрү чек арадагы жаңжал боюнча биргелешкен доументке кол коюшту

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев. "Азия-плюс" агенттигинин сүрөтү, 29-апрель, 2021-жыл.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев. "Азия-плюс" агенттигинин сүрөтү, 29-апрель, 2021-жыл.

30-апрелге ооган түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен документке кол коюшту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Эки тарап макулдашкан документке Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду.

Документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашканы белгиленген.

03:44 30.4.2021

Президент Токаев кыргыз-тажик чек ара чырын тынчтык жолу менен жөндөөгө чакырды

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуусун кубаттарын билдирди.

Токаев коңшу эки өлкөнүн лидерлери талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишенерин кошумчалады.

Акордонун расмий сайтындагы билдирүүдө «эки тараптуу ишенимди калыбына келтирүү жана туура чечимдерди издөө аракетине колумдан келген жардамды берүүгө даярмын» - деп айтылат.

Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттерди ынтымыкка чакырып, «Ташкент абалды тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр", - деп билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG