Ош шаарында активисттер Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш айылындагы жаңжалдан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам чогулта башташты. Бул тууралуу "Азаттыкка" активисттердин бири Улан Канат уулу маалымдады.
Баткенде "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду чек ара чырынан жабыр тарткандарга самын, балдарга жалаяк, жеке гигиенага керектүү каражаттарды, суу жана азык-түлүк чогултууда.
"Элсом" тиркемесинде атайын эсеп ачылды. Номуру 0558080557.
Баткенде чыр чыккан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 400дөй адам Баткен шаарындагы төрт мектепке караштуу имараттарга убактылуу жайгаштырылды.
Тажик бийлиги Исфара шаарынын башчысы жарадар болгонун билдирди
Исфара шаарынын акимчилигинин өкүлү «Азаттыктын» тажик кызматына аталган калаанын башчысы Баховаддин Баходурзодага 29-апрелде ок тийгенин ырастады.
Баходурзода суу сактагычтын башына ("Головной") барып, чек арадагы кырдаалды тынч жол менен чечүүгө аракет жасап жатканда ок тийгени кабарланды. Тажиктердин "Азия-Плюс" агенттиги ок шаар башчынын ийинине тийгенин жазды. Учурда ал Худжанд шаарындагы ооруканалардын биринде жатат.
Бул маалыматты «Азаттыктын» тажик кызматына Чоркух жана Ворух айылдарынын эки жашоочусу да ырастады.
Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кырдаалдан улам билдирүү жасады.
Анда Ташкент эки тараптан тең жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан, коңшуларды ынтымакка чакырды:
"Тараптарды кагылышууну дароо токтотууга үндөйбүз. Абалдын чыңалуусун азайтуу үчүн тараптар бирдей иш алып барып, бир пикирге келиши керек. Бүгүн талашка түшкөн бардык маселелер Борбор Азиядагы элдин ичинде салт болуп калган, кылымдар бою бузулбай келген ынтымактын, коңшулуктун жана өнөктөштүктүн алкагында чечилүүгө тийиш. Өзбекстан абалды тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр", - деп жазылат билдирүүдө.